Түрк басма сөзү-5.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

262184
Түрк басма сөзү-5.05.2015

«Йени шафак» гезити «Түркия энергетика коридору болот» аттуу макаласында Түркия жүргүзүп жаткан тыгыз энергетика дипломатиясы менен энергетикада көпүрө өлкө болуу жолунда ылдам илгерилеп баратканын жазган.
Гезит Азербайжандан башталып Түркия аркылуу Европага жете турган Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП жана Орусиядан чыгып Түркия аркылуу Европага газ жеткире турган Түрк агымы долбоору Түркияны энергетика коридоруна айландыра турганын маалымдаган. Анда Иран-АКШ мамилелеринин жумшарышы болсо Түркияны Ирандын батышка ачылган каалгасына айландыраары орун алган.
«Стар» гезити «Тегеран менен келишим аяктады, түрк лирасы менен соода кылуу келе жатат» деген маалыматында президент Эрдогандын өткөн айда Тегеранга жасаган сапарында «Соодада доллардын ордуна жергиликтүү акчабызды колдонолу» деген чакырыгынан кийин эки өлкө келишимдерин толуктап бүтүрүшкөнүн баяндаган. Гезит эми кошумча чара көрүүлөрдүн үстүндө иштеп жаткандарын, эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жеңилдетүү үчүн бартьер ыкмасы иликтенип жатканын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Федерер берекети» аттуу макалада Роджер Федерердин жеңиши менен жыйынтыкталган Стамбул Openди бир жумада 60 миң киши көргөнү орун алган. Анда социалдык медиада да чоң таасир калтырганы, турнирди 248 медиа мүчөсү көргөнү, турнир веб барактарында 170 миң жолу көрүлгөнү, фейсбукта 6 миң жактыруу алып, 1,4 миллион жолу ачылганы, ошондой эле твиттерде да 1,6 миллион таасирлешүү болгону, 2 миллион 870 байкоочусу болгон Федерердин болсо Стамбулдун Босфор кысыгында яхта турундагы сүрөтү менен бирге 8 твиит салганы жана бул твииттер 10 миң жолудан ашуун ретвиит жасалганы маалымдалган.
«Сабах» гезити «Дүйнөлүк дөө-шаалар бул ойлоп табууга талапкер» деген макаласында чакан жана орто көлөмдөгү ишканалардын (KOBİ) ойлоп табуулары Түркия чек араларынан ашканын белгилеген. Анда 25 жылдан бери суутуучу технологиялар боюнча изилдөө-өнүктүрүү иштерин жүргүзгөн Жантектин, 70 пайыз үнөмдөө кылган жаңы табылгасы ‘Octosense’ менен дүйнөдө өзүнөн сөз кылдырганы орун алган.
Гезит машиналардын арасындагы байланыш жана жасалма аң-сезим технологиялары колдонулуп камсыздалган ойлоп табуу, дүйнөлүк маркалардын да радарына кирип, муздак аба сактагычтарында, муздаткычтарда, кондиционер жана бардык суутуучу системаларда жакында колдонула баштаарын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Бельгиянын королдук медалдуу түрк доктуру» аттуу маалыматында өзү өнүктүргөн жана өз атын койгон ашказан алды безинин рагын операция жасоо ыкмасы менен Бельгия королу тарабынан жогорку эмгек медалы менен сыйланган хирург, профессор Баки Топалдын ыкмасы дүйнөгө жайылганын белгилеген.
Гезит оорунун себептерин түзгөн клеткалар темасында эмгек жүргүзгөн Топалдын, эми ашказан асты безине операцияларын бир борборго топтоону ойлогонун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар