Түрк басма сөзү-28.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

252895
Түрк басма сөзү-28.04.2015

«Түркияга алгачкы үч айда 4,5 миллион турист келди» аттуу макалада Түркияга келген турист саны март айында 2,37 пайыз өсүү көрсөтүп 1 миллион 895 миң кишиге жеткенин белгилеген.
Гезит жылдын биринчи чейрегинде турист саны 4,12 пайыз өсүү көрсөтүп 4 миллион 530 миң болгонун маалымдаган. Анда эң көп турист Германиядан келгени белгиленди.
«Йени шафак» гезити Түркия финансылык тартип жагынан Европа Биримдигине үлгү болот» аттуу макалада Түркиянын мамлекеттик финансысындагы тартиптин бир топ Европа Биримдиги өлкөсүнө үлгү болгонун жазган.
Гезит Түркия 2014-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда OECDнин алкагында финансылык жактан эң тартиптүү өлкөлөрдүн арасына киргенин, вице-премьер Али Бабажандын, «Ырааттуулуктан баш тартпайбыз»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Болбой эле инвестиция салышууда» деген маалыматында 7-июнда боло турган жалпы шайлоолордун алдында Түркиянын чет өлкөдөгү имиджин бузгусу келген лоббилерге эң жакшы жоопту чет өлкөлүк инвесторлор берип жатканын белгилеген.
Гезит чет өлкөлүк инвесторлор түрк базарына кириш үчүн аракет кылып жатышканын, Жакынкы Чыгыш жана европалык ири фирмалар бир-бирден инвестиция чечимин чыгарып жатышканын маалымдаган. Анда сауд жана француз инвесторлор түрк фирмалары менен өнөктөш болгондорун жарыялаганы, 100 араб ишкери да кызматташуу үчүн Түркияга келгени орун алган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Экселанс таң берди» деген макалада TEB BNP Парибас Стамбул Open оюндарында ракеткасын шилтей турган дүйнө теннисинин «экселанс» каймана аттуу теннисчиси Рожер Федерер алгач ирет келген Стамбулда көргөн сыйына таң бергени жазылган.
Анда Федерердин «Адамдар абдан жанга жакын. Стамбулга байланыштуу бир топ сонун сүрөттөрдү көрдүм. Стамбулду кыдырууга шашып турамын»-деген сөздөрү орун алган.
«Миллийет» гезити «Дүйнөлүк джаз күнү Бурсада белгиленет» аттуу макаласында ЮНЕСКО тарабынан 2011-жылдан бери белгиленген «30-апрель Эл аралык Дүйнө джаз күнү» Түркиянын Бурса шаарында белгилене турганын маалымдаган.
Гезит эки жыл мурда Түркия Эл аралык Джаз күнүнө үй ээлик кылганын, Бурсада болсо бул ирет иш-чаранын алкагында «Түркиядан аялдын добушу» деген теманын астында концерттер бериле турганын белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Армяндардын өмүрүн сактап калган түрктөрдүн киносу» аттуу маалыматында режиссер Исмаил Гүнеш армяндардын өмүрүн сактап калган түрктөрдүн кино тасмасын тартуу үчүн шымаланып киришкенин жазган.
Гезит «Кербен-1915» аттуу кино тасманын тартылышы 20-июнда башталып, 9 айга созула турганын жана кино тасманын 2016-жылы көрсөтүлүшү пландалганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар