Түрк басма сөзү-19.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматттар.

241791
Түрк басма сөзү-19.04.2015

«Хабер түрк» гезити «Мына көчүрүүнү баштаткан документ» аттуу макаласында армяндардын сүргүнгө айдалышын баштаткан кат Башкы штабдын архивинде экендигин жазып чыкты.
Гезит 1915-жылы 27-майда баштатылган сүргүн мыйзамынын ишке ашырылышы ал убакта орустрага каршы согушкан Үчүнчү армиянын командири Махмуд Камил Пашанын Стамбулга жиберген шифрдүү жазуусу менен башталганын баяндаган.
Анда Паша, учурда Башкы штабдын архивинде турган жазууда куралчан армяндардын армияга чоң зыян тийгизе баштагандары, Чыгыш Анадолудагы армяндардын душман тарабына кошулуу, шайкаларды түзүп алып жол тороо, элди кыргынга учуратуу жана тоноо сыяктуу жаман жосунга киришкенде сүргүндөн башка альтернатива калбаганын белгилегени маалымдалган.
«Сабах» гезити «Болгону 3 армян 1915-жылды изилдеди» деген маалыматында 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу архив маалыматтарын берген Мамлекеттик архивдер башкы директору Угур Үналдын документтерге ылайык 1-Дүйнөлүк согушта Анадолунун бир гана чыгышында орус жана армяндардын кол салууларында 701 миң 166 киши каза болгонун айтканын баяндаган.
Гезит архивдердин ар кимге ачык экендигин айткан Үналдын: «Архивдерде 51 чет өлкөлүк изилдөөчү 1915-жылдагы окуяларды изилдеди. Булардын арасында жалгыз гана 3 Армения жараны бар»,дегенин маалымдаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Эң жакшы жооп Аясофияны ачуу болот» деген макалада осмон династиясынан Кайхан Османоглу Папанын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу айткандарына каршылык көрсөткөнүн баяндаган.
Гезит Османоглу Папага бериле турган эң сонун жооптун Аясофияны сыйынууга ачуу боло турганын айтканын жазган.
«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң чоң жоогазын килеми» аттуу макаласында Стамбул мэриясы тарабынан уюштурулган Жоогазын фестивалынын алкагында 545 миң жоогазындан турган 1262 чарчы метрдик килем жасалганын белгилеген. Дүйнөнүн эң чоң килеми болуу өзгөчөлүгүнө татыган килем 10 күн бою Стамбулдагы «Султанахмет» мечитинин аянтында көргөзмөгө коюлуп, эмитеден туристтердин көзүнүн жоосун алууда.
Гезит шаар башчысы Кадир Топбаш: «Жоогазын, жараткандын адамдарга кандай кооздуктарды бергенинин көрсөткүчү»-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Аялдар W20ни толук колдошту» деген маалыматында Түркия кезектешкен төрагалыгын жүргүзгөн Чоң жыйырмалыктын алкагында алгач ирет курула турган жана аялдардын иш дүйнөсүндөгү ролун жана таасирин арттырууну максаттаган W20 (Айымдар-20)аттуу иш тобуна Түрк аял ишкерлери толук колдоо көрсөтүшкөнүн баяндаган.
Түркиянын ишкер аялдары коомунун (TİKAD) төрайымы Нилүфер булут, аялдардын жумуш менен камсыздалышына жана аялдын жумуш күчүнө кошулушун арттырууга карай ташталган бул кадамдын дүйнөгө үлгү боло турганын айтканын белгилеген. Түркиянын аял демилгечилер коомунун (KAGİDER) төрайымы Гүлден Түркатан да аял тобунун курулуусунун Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнөн күтүүлөрүнүн орундатылышында маанилүү болгонун баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар