Түрк басма сөзү-22.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

276508
Түрк басма сөзү-22.03.2015

«Йени шафак» гезити «Түркиянын акыркы 10 жылдын ийгилик аңгемеси болду» атуу макаласында Дүйнөлүк банктын глобалдык ислам финансысын өнүктүрүү борборунун директору Замир Икбалдын Түркиянын акыркы 10 жылда экономикалык өсүүнүн уланышы жана финансы секторунун бекемдигин коргоосу ийгилик аңгемеси болгонун айтканын жазган. Анда Икбалдын: «Бул мезгилде түрк банкчылык сектору, башка өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн банкчылык секторлоруна салыштырмалуу кыйла жогору ийгиликке жетишти»-деп айтып, «Түркиянын исламий банкчылык жана финансысында да чоң потенцияга жеткенин билдирген».
«Сабах» гезити «Angry Birds Түркияны таанытат» деген маалыматында Дүйнөдө орто эсеп менен 500 миллион киши ойногон Angry Birds оюну эми Түркиянын таанытылышына салым кошо турганын белгилеген. Гезит маданият жана туризм министрлигинин таанытуу боюнча баш директору Ирфан Өнал, Түркиянын таанытылуусу темасында замандан кем калбаган долбоорлорду өнүктүрө тургандарын белгилеп, «Angry Birds» жана «Subway Surfers» сыяктуу оюндар менен Түркияны тааныта тургандарын айтканын баяндаган. Гезит Өналдын Түркияны оң багытта таанытуу үчүн "google" баштаган "yahoo", "facebook" жана "instagram" сыяктуу социалдык медиада дүйнөгө таанымал фирмалар менен стратегиялык кызматташтык кылгандарын да билдиргенин маалымдаган.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Карамустафага Нидерландия сыйлык берди» аттуу макалада өзгөчө көч туурасында жасаган эмектери менен таанылган чебер Гүлсүн Карамустафа Принц Клаус сыйлыгына татыктуу көрүлгөнүн жазган. Анда көркөм өнөр тармагындагы эмгектеринен улам сыйлык алган Карамустафанын 95 талапкердин арасынан тандалганы белгилегенген.
«Стар» гезити «Дүйнө суусуздукка карай баратат» деген макаласында БУУ даярдаган Дүйнөлүк суу боюнча өнүгүү отчетунда дүйнөнүн суу булактарынын ылдам азайып баратканын ортого салганын белгилеген.
Гезит отчетунда 2030-жылы дүйнөнүн айыл чарба, өнөр жай жана кишилердин керектөөсү үчүн пайдаланылган суу муктаждыгынын жалгыз эле 60 пайызын камсыздай ала турганы баяндалган. Гезит отчетто жер астындагы суу булактарынын азая баштаганын, климаттын өзгөрүшүнүн себебинен жамгыр жаашынын да тартиби бузулганы орун алганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Альцгеймерде чоң үмүт» аттуу маалыматында австралиялык илимпоздордун ультрасон менен мээдеги альцгеймер оорусуна себепчи болгон жана оорулардын аң-сезимин жоготушуна алып барган «амилоиддик кыртыштарды» жок кылган жаңы ыкманы ойлоп тапканын белгилеген.
Анда чычкандарда сыналган ыкма альцгеймер оорусунун себебинен жок болгон эс тутумдун 75 пайызынын кайра келишин камсыздаганын маалымдаган. Анда адистер чычкандардын эс тутум жана кабылдоо жөндөмдүүлүктөрүнүн мурдагы деңгээлине кайтканын белгилеп, мунун адамдарда дарыланыш үчүн үмүт туудурганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар