Түрк басма сөзү-1.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

243141
Түрк басма сөзү-1.03.2015

Чечүүчү жол процессине байланыштуу жыйналыштан кийин ПККга «куралыңды ташта» деген чакырык салынганы бардык гезиттерде кеңири орун алды.
«Стар» гезити «Тынчтык жазы», «Йени Шафак» гезити «Куралдар менен коштошуу чакырыгы», «Хүррийет» гезити «Тынчтык үчүн тарыхый чакырык», «Ватан» гезити «Куралды ташта», «Сабах» гезити «Эми тынчтыктын убагы» аттуу темаларды койсо, «Хабер түрк» гезити «Бул бир чакырык» деген тема коюп өкмөттүн өкүлдөрү менен Элдердин демократиялык партиясынын (HDP) Долмабахчеде премьер-министрликтин кызматтык кеңсесинде жолугушканын жазган.
Гезит Абдуллах Өжаландын «курал таштоо» боюнча ПККны жаз айларында кезексиз конгресске чакырганын жарыя кылган Элдердин демократиялык партиясынын эл өкүлү Сырры Сүрея Өндердин, «Тынчтыкка ар дайым болгонунан дагы жакынбыз»-дегенине орун берген.
Гезит вице-премьер Ялчын Акдогандын да чечүүчү жол процессине байланыштуу «Куралдардын ташталышына карай иштердин ылдамдашынын, толук түшүнүк менен айтканда кыймыл кылбоонун ишке ашышы жана демократиялык саясаттын ыкма катары алдыга чыгарылышы темасындагы жарыяга маани беребиз. Урмат сыйлуу жана чечкиндүүлүк менен жыйынтыкка жете турганыбызга ишенебиз»-деп айтканына орун берген.
«Стар» гезити «Курал таштоо чакырыгында эң маанилүүсү ишке ашыруу» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Элдердин демократиялык партиясынын делегациясы тарабынан жасалган курал таштоо чакырыгын , Чечүүчү жол процессинде «сагыныч менен күтүлгөн» абал болгонун айтканын баяндаган. Анда «Эң маанилүүсү ишке ашыруу»-деп айткан Эрдогандын: «Курал ташталгандан тартып, бул өлкөдө тынчтык, өнүгүү чөйрөсү абдан башкача аткарылат»-деп айтканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Зомбулуктун, куралдын тили соңуна чыгат» аттуу макаласында ПККга курал таштоо чакырыгына баа берген премьер-министр Ахмет Давутоглу, чечим табуу процессинин жаңы баскычка киргенин баса белгилеп, «Зомбулуктун, куралдын үнү басылат, демократиялык саясаттын жолу ачылат»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Адабиятыбыздын чынарынан ажырадык» аттуу макаласында өмүр бою тынчтыктын жактоочусу болгон атактуу жазуучу Яшар Кемалдын 92 жашында дүйнөдөн кайтканын билдирген.
Гезит жазуучунун өпкө инфекциясы жана жүрөгүнүн согушунун ыргагы бузулгандыктан дарыланып жаткан ооруканада, куралдардын ташталышынын чакырыгы салынган күндө дүйнө салышы Түркия калкын капага салганын белгилеген. Анда «Нобель» тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөн алгачкы түрк жазуучусу болгон Яшар Кемалдын чыгармалары 40 тилге которулуп, чет өлкөдө да аябай кызыгууну тапканы маалымдалган.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Түркия жогорулайт, Европа Биримдиги төмөндөйт» аттуу макалада АКШлык ой пикир мекемеси Стратфордун отчетуна караганда Түркия алдыбыздагы 10 жылдын ичинде жогорулоосун уланта турганы белгиленген.
Анда Түркиянын аймактык чоң күч катары ортого чыга турганын жактаган Стратфор: «Европа Биримдиги бөлүнүп жарылат жана бир-бирден экономикалар начарлайт же айрым өлкөлөр Чыгышка багытталып жатканда Түркия муну жасай ала турган жалгыз өлкө катары калып, Балкандагы күчүн жогорулатат»-деген божомолуна орун берилген.
«Ватан» гезитинде «Музыканы 1 сааттан ашык укпагыла» аттуу макала орун алып, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун бир миллиарддан ашуун жаштын узун убакытка бийик үн чыгарып музыка укканы үчүн угуусу начарлаганын жарыялаганын маалымдаган.
Анда уюм күндө 1 саат музыка угуунун жетиштүү болгону, музыканын үнү ашыкча чыкса 1 саат угуу да ашыкча болоору белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар