Түрк басма сөзү 11.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

180851
Түрк басма сөзү 11.01.2015

«Йени шафак» гезити «Исламофобияга париж допинги» аттуу макаласында Франциядагы кол салууну мусулмандарга карай жаңы душмандык толкунуна айланткан исламофобик чөйрөлөрдүн, батыш медиасы аркылуу Европа коомдук пикирин Ислам дүйнөсүнө каршы кыймыл кылууга тартканын баяндаган.
Гезит мындан мурда чет элдик душмандыгы түрүндө көрүнгөн жикчилдиктин учурубузда ислам жана мусулман душмандыгы түрүндө кайрадан формаланып жатканына көңүл бурган.
«Хабер түрк» гезити «Мусулман кассир еврейлерди куткарды» деген макаласында Парижде еврейлер соода кылып жаткан супермаркетке кол салуу тууралуу маанилүү өзгөчөлүк да белгилүү болгонун маалымдаган.
Гезит супермаркетте кассир болуп иштеген Мали тектүү мусулман жигиттин бирөө 1 айлык ымыркай менен 15 кишинин өмүрүн сактап калганын белгилеген. Анда кол салгыч Амади Кулибали кирип келип ок аткан учурунда супермаркеттин муздаткыч складында турган жигиттин, окуя болуп жатканда 15 кишини тышка чыгарып жибергенин, бардыгы тең бул мусулман жигитке ырахмат айтаканы баяндалган.
«Ватан» гезити бажы жана соода министри Нуреттин Жаниклинин Ирак менен Түркиянын чек арасындагы капка санын кыска мөөнөттө төрткө жеткире тургандарын айтканын жазган.
Гезит Иракта учурда жалгыз ачык капканын «Хабур» чек ара капкасы болгонун жана мунун муктаждыкка жооп бербегенин белгилеген министр Жаниклинин: «Хабурдан күнүгө орто эсеп менен 2 миң кириш, 2 миң чыгыш болуп бардыгы 4 миң унаа өтүүдө. Эми бул үстүңкү чекке жетти. Алдыбыздагы мезгилде талап дагы көп боло турганын күтүүдөбүз. Ошондуктан Ирак менен чек ара капка санын көбөйтөбүз»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «1 миллиард доллардык маалымат саттык» деген макаласында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык Түркиянын 2014-жылы 1 миллиард доллар көлөмүндө маалымат экспорттогонун айтканын маалымдаган.
Гезит министр Ышыктын: «2015-жылы мындан ашып өтөбүз»-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Кардави үчүн биргелешкен билдирүү» аттуу макалада Египет башкаруучулугун талабы менен INTERPOL тарабынан кызыл бюллетен менен издөө салынган Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин төрагасы Юсуф Кардавини түркиялык аалымдардын жалгыз калтырбаганын белгилеген.
Андагы 30 кол коюлган маалыматта, «Бул ислам аалымын соккучул Египет башкаруучулугунун колуна салып бербөө үчүн ар түрдүү чара көрүлүшү керек»-деп жазылганына орун берген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар