Түрк басма сөзү 23.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалысматтар.

157492
Түрк басма сөзү 23.12.2014

«Акшам» гезити «Түркия колун көрсөттү!» деген маалыматында Ирактын 2040-жылга чейин дүйнөнүн мунай зат камсыздоого байланыштуу эң маанилүү өлкөлөрдөн бири болгонун түшүндүргөн энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз «2040-жылга чейин 14 миллион баррель көлөмдүк өсүүсү болот. Мунун эң аз 4 миллион баррелдик бөлүгү Иракта болот. Ушундай болуп турганда Түркия кантип Иракка байлыныштуу темаларда кайдыгер кала алат? Ким айтса дагы бул чындыкты жаап жашыра албайт»-деп айтканын жазган.
Гезит Йылдыздын, «Ирактын калыбына келүүсү үчүн жасала турган салым Түркия тарабынан эң жогорку деңгээлге чыгарылат»-дегенин баяндаган.
«Стар гезити «Иранга даяр кийим сапары» аттуу маалыматында Иран менен «Жеңилдетилген соода келишими» 1-январда күчүнө киргенде даяр кийимдеги салыгы 40 пайыз төмөндөй турганын белгилеген.
Гезит бул абалды мүмкүнчүлүкккө айдандыргысы келген текстилчилер 1-4-февралда Тегеранда алгач ирет уюштурула турган жарманке орундарын эмитеден толтурганын жазып чыккан.
«Ватан» гезити «Тайм түрк фото кабарчысына чоң сыйлык ыйгарды» деген макаласында Американын "Тайм" журналы акыркы 5 жылдан бери жылдын эң ийгиликтүү агенттик фото кабарчыларын тандап жатканын жазган.
Гезит «Тайм» журналы 2014-жылы бул сыйлыкка түрк фото кабарчысы Бүлент Кылычты тандаганын жана 35 жаштагы Бүлент Кылычтын бул сыйлыкка ылайык көрүлүшүндө Украинада, Сома кени жана Кобаниде тарткан фотосүрөттөрү таасирдүү болгонун билдирген.
«Хабер түр» гезити «Эң баалуу 50 клуб» деген маалыматында дүйнөнүн алдыңкы маркаларга баа берүү фирмаларынан Бренд Финанс «Дүйнө футболунун эң баалуу алдыңкы 50 клуб маркасынын» ийгиликтерин жарыялаганын белгилеген. Гезит тизмелөөдө түрк командалары Галатасарай 17, Фенербахче 34 жана Бешикташ 43-орунду алганын жазган.
«Акшам» гезити «Түркияда эң популярдуу спорттор» аттуу макаласында Ajans Pressтин 2014-жылдын атактуу спортторун белгилеген отчетунда Түркияда эң жакын атаандашы баскетболдон орто эсеп менен 5 эсе көп сүйлөшүлгөн футболдун 475 миңден ашуун кабарларда эң көп сүйлөшүлгөн спорт болгонун документтештиргенин маалымдаган.
Гезит аял жана балдар арасынан да олуттуу көрүүчү массасына ээ болгон баскетбол, 95 миң кабар менен эң көп сүйлөшүлгөн экинчи спорт катары белгиленгенин жазган.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар