Түрк басма сөзү 15.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

149231
Түрк басма сөзү 15.12.2014


«Акшам» гезити «Жаңы максат: Улуттук согуштук учак» деген кабарында өнөр жай тармагында маанилүү долбоорлор ишке ашып жаткан Түркияда 2023-жылга карата максаттарынын алкагында куралдуу күчтөрүнүн негизги муктаждыктарынын толугу менен өлкөнүн ичинде өндүрүлүүсү максатталууда. Ушул алкакта өз улуттук танкасын, кемесин, тик учарын, билим берүү учагын, ракетасын жана жөө аскер мылтыгы сыяктуу куралдарды өндүрө алган Түркиянын жаңы максаты согуштук учак өндүрүү.
«Сабах» гезити «Түркия Европада уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүдө биринчи болду» деген кабарында 2014-жылдын үчүнчү чейрегинде 370 мүнөт болгон орточо айлык мобилдик колдонуу мөөнөтү менен Түркия Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу уюлдук телефон аркылуу эң көп сүйлөшкөн өлкө болгонун билдирген.
«Хүррийет» гезити Эл аралык капитал базарларындагы ийгилигинен улам АКШнын финансы борбору Wall Streetтин «түрк букасы» деп аталган белгилүү фондунун жетекчиси Ахмет Окумуш түзгөн Okumus Opportunistic Value Fund, 2014-жылы АКШдагы эркин инвестиция фонддорунун арасында эң көп киреше алып келген фонд болгонун маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Учак ичинде көңүл ачуучу жаңы система» деген кабарында түрк инженерлер ойлоп тапкан жаңы система менен жүргүнчүлөр өздөрүнүн телефон, планшет жана компютерлери менен кабелсиз «offline 3G» системасы аркылуу байланышып фильм, музыка, сериал, ар түрдүү программалар, оюндар сыяктуу көптөгөн нерсеге жете алышат.
«Йени шафак» гезити «140 жылдан кийин кайрадан көрүндү» деген кабарында Түркияда алгач ирет 1874-жылы катталып андан бери куштарга байкоо салуучулар издеп жүрүшкөн уюл чардагы Ризеде көрүнгөнүн билдирген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар