Түрк басма сөзү 6. 12. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттреден кыскача маалыматтар

138875
Түрк басма сөзү 6. 12. 2014

«Сабах» гезити «Министр Шимшек : «Түркияга олуттуу фонд агымы башталды»,- деди» деген маалыматында Лондондо чет элдик инвесторлор менен жолугушууларды өткөргөн финансы министри Мехмет Шимшек узун убакыттан бери биринчи жолу мынчалык толкунданууну көрүп турам»,- дегенин белгилеген. Министр Шимшек эки күндөн бери эл аралык инвесторлор менен жолугушканын айтып, Түркияга карата түшүнүктүн оңго айланганын белгилеп : «Түркияга олуттуу бир фонддун агымы башталды. Түркияга абдан чоң талап бер»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Автомобилде тарыхый чемпиондукка аз калды» деген маалыматында автомобиль индустриясынын экспортчулар бирдиги ОИБдин башкаруу кеңешинин төрагасы Орхан Сабунжу евро – доллар паритетинен чыккан жоготууларга карабастан автомобилдин жылдын акырында 9 - сектордук чемпиондукка жетерин жана өткөн айда экспортто жоготуулар болсо да жылдын акырында максаттарынан жогору болуп 22, 5 миллиард долларлык тышка сатууга жетишишерин билдиргенин жазган. Автомобиль секторунун экспорт маалыматтары иликтенгенде артка чегинүүгө карабастан Германия базары лидерлигин улантты. Ноябрь айында кезеги менен эң көп Германия, Англия жана Францияга экспорт жасалган.
«Акшам» гезити «Араптар кубанышты, немистерден өтүштү» деген маалыматында соода сатык борборлорунда көрүүгө көнгөн араптар турак жай алууда да көңүлдөрдү бурууда. Булуң капиталы 2013 - жылы чогулган 735 миң метр квадраттык мүлк алып, 2014 - жылы сан 2 миллион метр квадратка жетти. Өткөн жылы 402 миң метр квадраттык жер алуу менен экинчи орунду алган Сауд Арабстан бул жылы эки эсе ашыкча, тактап айтканда 910 миң метр квадраттык мүлк алып биринчи орунду алды. Кувейт 522 миң метр квадраттык жер менен төртүнчү орунду алды. Бириккен Араб Эмирликтери да 73 миң квадраттык жер алууну 219 миң метр квадратка жогорулаткан.
«Радикал» гезитинин интернет сайтында : «Согушка түрктөр тарабынан карабаганым үчүн уялдым» деген маалыматында Гелиболу согушун тема кылып алган 'The Water Diviner' киносунун режиссеру Рассел Кроунун билдирүүсүн берген. «Гелиболуда көз карандысыз бир улутту басып алдык»,- деген сөздөрү менен өлкөсүндө талаш – тартыштарга жол ачкан Кроу акыркы маегинде болсо бул сөздөрдү айткан : «Кинонун негизги каарманын дагы кенен караганда Австралия жана Жаңы Зеландиянын, Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийинки тажрыйбаларын сездим жана түшүндүм. Бирок мени жандандырган жана илхам берип маңызында мени уялткан нерсе абалды бир минута да болсо түрктөрдүн көз карашы менен ойлобогонуму байкоо болду. Абалды бул жагынан карабаптырмын. Уялдым».
«Миллийет» гезити «Сармашык Sundanceте» деген маалыматында «Касса кызматкери» аттуу киносу менен көңүлдөрдү бурган режиссер Толга Карачеликтин жаңы коносу «Сармашык» АКШнын престиждүү кино фестивалы Sundanceтын программасына тандалда. Көз карандысыз кинолордун чеби деп айтылган жана Ютада өткөрүлгөн Sundance, 2015 – жылдын 22 - январь 1 - февралда 29 - жолу өткөрүлөт. «Сармашык» фестивалга кайрылган 12700 кинонун арасында программа алынган 12 кинонун арасында орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар