Түрк басма сөзү 25.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

205246
Түрк басма сөзү 25.11.2014

«Хүррийет» гезити «Путин Түркияга келет» аттуу кабарында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны үчүн 1-декабрда Түркияга келээрин жазган.
Гезит 2010-жылы май айында башталган Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйыны президент Режеп Таййип Эрдоган менен Путиндин жетекчилиги астында эки өлкөнүн тийиштүү министрлеринин да катышуусу менен өткөрүлөөрүн маалымдаган. Жыйналышта Түркия-Орусия ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири түрдө каралат жана эки өлкөнү кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылат.
«Стар» гезити «Түрк аба жолдорунун жаңы жүзү Брэд Питт» аттуу кабарында аба транспортунда жетишкен ийгилиги менен катар марка элчиси катары тандаган ысымдары жана реклама роликтери менен да атагы чыккан Түрк аба жолдору, жаңы жылда Голливуддун атактуу жылдызы Брэд Питт менен учаарын жазган. Гезит мындан мурда башка бир Голливуд жылдызы Кевин Костнерди марка жылдызы кылган Түрк аба жолдору, жакынкы убакта эле Барселона футбол командасынын атактуу жылдызы Лионель Месси менен реклама темасында келишим түзгөндүгүн белгиледи.
«Йени шафак» гезити «Чет өлкөлүктөр ай сайын 1500 турак үй сатып алышууда» деген маалыматында Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө ылайык, январь-октябрь мезгилинде чет өлкөлүктөргө турак үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 66 пайыз өсүп 15 миң 417ге жеткенин белгилеген.
Гезит буга ылайык чет өлкөлүктөр айлык орто эсеп менен 1500 турак үй сатып алышканын жана Анталья 25 пайыз өсүү менен 5486 турак үй сатылып эң алдыда баратса, андан соң Стамбулда 4546 турак үй сатылганын, Айдында 1018 , Муглада 903 жана Мерсинде 641 турак үй сатылганын маалымдаган.
«Стар» гезити «ASELSAN электрдүү автомобиль чыгарууда» деген кабарында учурдагы Li-ion батарейка технологиялары менен 160 км жүрө алган автомобилдер, өнүктүрүлүп жаңы технология аркылуу эң аз 800 км аралыкка жүрө алышаарын белгилеген. Гезит ASELSANдын бул максат менен дүйнөнүн эң ири изилдөө борборуна эгедер IBM менен биргелеше изилдөө проекттерин жүргүзүү темасында келишимге кол койгондугун билдирген.
«Акшам» гезити «Улуттук курама командалар бадминтон жана муз үстүндө бийлөөдө кубанычка бөлөдү» аттуу маалыматында Түркияны эл аралык бадминтон жана муз үстүндө бийлөө мелдештеринде өкүлдүк кылган спортчулар ийгиликтери менен кубанычка бөлөгөнүн жазган.
Гезит Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөн бадминтон турниринде таймашкан улуттук спортчулар жекеме жеке жана жуп түрүндө ойноолордо коло медалга ээ болушса, Польшанын борбор шаары Варшавада болгон муз үстүндө бийлөө мелдешинде Алпер Учар-Алиса Агафонова жубу бешинчликти алышканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар