Түрк басма сөзү 23.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

202375
Түрк басма сөзү 23.11.2014

«Сабах» гезити «Тарыхый саммитте чоң макулдашуу» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Жо Байдендин жолугушуусунда Сирия жана Ирак маселеси бардык жагынан каралып чыкканын жазган.
Гезит Эрдогандын, «Аймактык жана эл аралык тынчтык коопсуздугунун сакталышы үчүн АКШ менен кызматташтыгыбызды тереңдетип дагы да таасирдүү кылууга чечкиндүүбүз»-дегенин баяндаган.
Гезит Байдендин болсо сүйлөгөн сөзүндө: «Асадсыз Сирия темасында Түркия менен жакынбыз жана мындан кийин да жакын болушубузду улантабыз. АКШ катары Түркияга абдан көп муктаждыгыбыз бар»-дегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Халебде Асадга сокку урулду» деген маалыматында Сириянын Халеб шаарында Сирия режиминин армиясына чоң сокку урулганын жазган.
Гезит оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймакка кирүүгө аракет кылган Асад режимине караштуу аскерлердин соккуга учураганын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Чөйрөбүздө зулумдук жана террордук режимдерин каалабайбыз» деген кабарында премьер министр Ахмет Давутоглунун Стамбулдагы Атлантика кеңешинин энергетика жана экономика саммитиндеги сөзүндө : «Чөйрөбүздө калкына зулумдук кылып чоң көч агымдарына дуушар кылган режимдерди жана бийлик боштугунан пайдаланып террордук кылган уюмдарды көргүбүз келбейт»,-дегенин баяндаган.
«Акшам» гезити «Made in Turkey этикеткасы ылдам түрдө дүйнөгө жайылууда» аттуу кабарында Түркиянын экономикалык ийгилигинин дүйнөлүк басма сөздүн да көңүлүн бурганын белгилеген.
Гезит бул темага байланыштуу акыркы анализдин АКШнын абройлуу гезиттеринен USA Todayде жазылганын баяндаган. Кабарда USA Today гезитинин Түркиянын дүйнөнүн эң маанилүү өндүрүш борбору боло турган потенцияга ээ болгонун сөз кылганын белгилеген.
«Ватан» гезитинин экономика барагында чыккан «Жылдык экспорттору 2 миллиард долларга жетти» аттуу кабарында, Түркиянын трикотаж өндүрүшчүлөрү коомунун (TRİSAD) төрагасы жана Стамбулдун соода палатасынын парламент мүчөсү Мустафа Балкувдун Түркиянын трикотаж өндүрүшү темасында ээ болгон тажрыйбасы жана know-how менен дүйнөдө абдан маанилүү орунда болгонун сөз кылганын белгилеген.
Гезит Түркиянын трикотаж секторунун жылына 150 миллион даана товар өндүргөнүн сөз кылган Балкувдун, «Трикотаж сектору катары экспортубуздун 75 пайызын Европа өлкөлөрүнө жасоодобуз. Дүйнөнүн эң чоң маркаларына жогорку деңгээлде товар берүүдөбүз»,-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар