Түрк басма сөзү 13.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

189423
Түрк басма сөзү 13.11.2014

«Стар» гезити «263 информатика проектине 3,7 миллиард лира төлөм» аттуу кабарында 2014-жылы инвестиция программасында мамлекеттик мекемелердин 263 информатика проекти үчүн орто эсеп менен 3,7 миллиард лиралык каражат бөлгөнүн белгилеген өнүгүү министри Жевдет Йылмаздын, Түркиянын маалымат коомчулугуна айлануу процессинде жогорку планды белгилей турган информатика коомчулугу стратегиясы жана кыймыл планын плюралист түшүнүк менен даярдагандарын айтканын баяндаган.
«Акшам» гезити «Ар бир кудуктан мунай зат атырылат» деген маалыматында акыркы айларда Түркиянын Батман областындагы Гарзан дарыясынын жээгинде жаңы аянттарга багытталган Түрк мунай заттары акционердик шериктештигинин эки аянтта сапаттуу мунай заттарга жете алган соң кудук санын 14кө жеткиргенин баяндаган. Учурда Түрк мунай заттары акционердик шериктештиги 10 кудуктун бургулоосун өз тобу менен улантууда.
«Сабах» гезити «Салоникидеги "Ататүрк" үйүнө зыяратчылар чубап жатышат» аттуу кабарында Түркиянын Салоникидеги бащкы консулу Тугрул Билтекин Салоникидеги «Ататүрк» үйүнө келген зыяратчы санынын күн өткөн сайын көбөйүп жатканын белгилеп, «Зыяратчы саны 2011-жылы 20 миңдерде болсо азыр 100 миңге жакындады. Бул сан жылдын акырында 100 миң болушун күтүүдөбүз. Бул чындап эле чоң рекорд»,-дегенин баяндаган.
«Миллийет» гезити «Симит сарайы Нью-Йорктогу 5-көчөдө» деген маалыматында Симит сарайынын актаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Кавукчунун Нью-Йорктогу 5-көчөдө дүкөн ачкандарын айтканын билдирген. Гезит Кавукчунун Симит сарайынын Нидерландиядан Сауд Арабстанга чейин 14 өлкөдө 300 дүкөндө 8 миң 600 кызматкери менен 650 миң кишини тейлегенин билдиргенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Түркия кинолору жолугушуусу Москвадан башталат!» деген кабарында «Түркия киносунун дүйнөлүк академиялык жолугушуусунун» алгачкысы 19-23-ноябрь күндөрүндө Москвада уюштурула турганын маалымдаган. Академиялык жолугушуулар менен Түркиянын кино тармагынын искусстволук, тармактык жана академиялык жагынын күчтөндүрүлүшү, дүйнөлүк академия литературасына кирип туруктуу абалга келиши жана орто мөөнөттө кино маңыздуу Think Tank түзүлүшү максатталууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар