Түрк басма сөзү 01.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

145749
Түрк басма сөзү 01.10.2014

«Хүррийет» гезити «Сирия жана Ирак үчүн бир уруксат документи» аттуу кабарында Түркия Өкмөтү, Сирия жана Ирак чек арасынан келиши ыктымалдуу коркунучтарга каршы эки башка уруксат документинин ордуна коркунуч жана чек ара камтуусун кеңейтип «Бир уруксат документин» даярдоого чечим чыгарганын жазган.
Гезит эки өлкөнүн чек арасында ыктымалдуу коопсуз аймактын түзүлүшүнө эл аралык күчтүн салым кошууну туура көргөн учурунда чет өлкөлүк аскерлердин Түркиядан өтүүсү жана жайгашуусуна да мүмкүнчүлүк берилиши уруксат документинде орун алганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Түркияны учура турган укмуш проект» аттуу кабарында Германия жана АКШнын канола өсүмдүгүнөн өндүргөн «реактив майы» 30 миллиард евролук проект менен Түркияда сафлор өсүмдүгүнөн алынаарын белгилеген.
Гезит экономикага жылда 2-4 миллиард евролук салымы боло турган мега проект үчүн шымаланып киришилгенин баяндаган. Анда жүргүнчү учактары жана аскердик учактарда мотор күчүн арттыруу максатында колдонулган жана бардыгы чет өлкөдөн импорттолгон «реактив майы» 2016-жылдан тартып Түркияда өндүрүлөөрү орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнөнүн рагы бир түрккө аманатка берилет» деген маалыматында 2014-жылдын 2-декабрында бир түрк илимпозу Дүйнөлүк ракты текшерүү уюмунун (UICC) төрагалыгына шайланаарын белгилеген.
Гезит 1933-жылы түзүлгөн 175 өлкө мүчөсү болгон дүйнөнүн эң ири рак уюмунун төрагалыгына, учурдагы төрага орун басары Хажеттепе университетинин окутуучусу, Түрк рак изилдөө жана күрөшүү кеңеши коомунун мурдагы жетекчиси, проф.др. Тезер Кутлук дайындалаарын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Армяндарга чоң сабак» деген кабарында Женеванын Кантон башкаруучулугу 1915-жылкы окуяларга байланыштуу армян дооматтарын тема кылган эстеликтин БУУнун имаратынын жанына салынышы талабын четке какканын белгилеген.
«Neue Züricher Zeitung» гезитинин маалыматына караганда Женевадагы Армян эстелигине каршы Түркиянын киришүүлөрү таасирин көрсөттү. Кабарда Кантон башкаруусунун Женева мэриясынын БУУнун имаратынын дароо жанындагы Арианна сейил багына салынышын талап кылган эстелик үчүн башка бир жер издөө талабын кылганы маалымдалган.
«Радикал» гезити интернет барагында «Юта Мехмет Окурга тарыхый милдетти тапшырды» деген тема коюп, Мехмет Окур 2004-2011-жылдардын арасында формасын кийген NBA Батыш конфенециясынын командаларынан Юта Жазда «команданын өкүлү» катары кызматын баштаганын жазган.
Анда активдүү баскетбол карьерасына 2012-жылы чекит койгон мурдагы улуттук баскетболчу Мехмет Окур NBAде башкаруучу кызматына өткөн алгачкы түрк болгону белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар