Түрк басма сөзү 13. 09. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

123960
Түрк басма сөзү 13. 09. 2014

«Хүррийет» гезити «Даяр болуңуздар» деген маалыматында ИШИМ менен күрөшүүдө Түркиянын колдоосун алуу үчүн Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри : «Кандай болсо да даяр тургула»,- деди. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан кабы алынган Керриге Түркиянын коалицияга активдүү катышпай турганы, гуманитардык жардам жана логистик максатта жардам берүү жообу берилди. Аймактагы бардык террордук уюмдар менен күрөшүү макулдашуусу түзүлүп, Керриге ИШИМ менен күрөшүп жатканда Асад режиминин унутулбашы керектиги билдирилди.
«Миллийет» гезити «Ирак газы үч жыл кечигет» деген маалыматында энергетика министри Танер Йылдыз Ирак газынын аймакта болуп жаткан кагылышуулардан улам алдыбыздагы үч жылдын ичинде экспорттоло турган деңгээлге келерин болжошпогондорун айтты. Йылдыз Газиантептеги энергетика саммитинде жасаган билдирүүсүндө : «Өзгөчө ИШИМдин пешмергенин жана Ирак армиясынын акыркы үч ай менен бирге Ирак газынын үч жыл дагы экспорттоло турган жерге келерин болжолдой албайбыз»,- дегени билдирилген.
«Йени шафак» гезити «Шимшек : «Азык – түлүк баалары үчүн комитет түзүлөт» деген маалыматында финансы министри Мехмет Шимшек инфиляциядан улам тескери кеткен азык – түлүк баалары үчүн : «Бул тармакта микро реформалар боюнча иштей турган бир комитет түзүлөт»,- деди. Финансы министри Шимшек геополитикалык араздашуулар жогору болгон мезгилден өтүлгөнүн белгилеп, Европа Биримдигиндеги токтоочулуктун улантылып жатканын, ушуга карабастан жылдын биринчи жарымында Түркиянын 3, 3 пайызга өскөнүн айтканын жазган.
«Сабах» гезити «Папа Франциск Түркияны зыярат кылат» деген маалыматында Түркиянын Ватикан элчиси профессор Кенан Гүрсой католик ааламынын руханий лидери папа Францискке Түркия сапарына байланыштуу расмий чакыруунун берилгенин билдиргенин жазган. Ноябрь айынын акырына пландалган сапар менен папа Франциск Түркияны зыярат кылган 4 – папа болот. Түркияга акыркы жолу 2006 – жылы ноябрь айында папа 16 – Бенедикт расмий сапар менен келген.
«Стар» гезити «Султандар Римге кетишти» деген маалыматында 2014 FIVB чемпиондук даярдыктарын улантып жаткан Түркия А улуттук курама волейбол командасы Дүйнөлүк чемпиондуктан мурда Италия менен өткөрө турган даярдык оюндар үчүн Римге кетти. Улуттук курама командасы чемпиондук оюндар өткөрүлө турган Италия менен эки даярдык оюнун ойнойт. 16 – сентябрь шейшемби күнү Голландияга бара турган ай – жылдыздар 17 – 18 – сентябрь күндөрү да Голландия Улуттук курама командасы менен беттешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар