Түрк басма сөзү 23. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

100841
Түрк басма сөзү 23. 08. 2014

«Сабах» гезити «Тыңшоолор Шройдер менен башталды» деген маалыматында Түркиянын Германия Федералдык Чалгындоо Уюмуна 1998 – 2005 – жылдардагы жашылдар партиясы жана СПД тарабынан курулган коалиция өкмөтү тарабынан берилген жолдомо жана чалгындоо иш чараларын жүргүзө турган өлкөлөрдүн тизмесине алынганы ортого салынды. Буга караганда чалгындоо иш чараларын жүргүзө турган 3 группада чогулуп, Түркиянын да биринчи даражада чалгындоо иштери жүргүзүлө турган өлкөлөрдүн арасында орун алганы белгиленген. СПДден чыккан мурунку премьер – министр Герхард Шройдер Жашылдар партиясы менен 1998 – жылы коалиция өкмөтүн куруп, 7 жыл премьер – министрлик кызматын аткарган. Германиянын тышкы иштер министри Штайнмиер болсо ал мезгилде чалгындоо уюмдарынын жооптуу министри болгон.
«Миллийет» гезити «Стамбулда офистерди арендага алуу абдан жогору баада» деген маалыматында Стамбулда А классындагы офистердин арендасы 1, 40, Б классындагы офистердин арендасы болсо 3, 76 пайызга өскөнүн жазган. Эсентепе району А классындагы офистердин метр квадратынын бааларына караганда 43, 45 доллар менен эң жогорку аренда баасына ээ болгон аймак болду.
«Ватан» гезити «6 миң киши менен Ататүрк портрети» деген маалыматында башкы командирлик майдан согушунун бул жылы 92 – жылынын белгиленерин жазган. Чоң чабуулдун башкы командири Мустафа Кемал Ататүрктүн жандуу портрети Аныткабырдын короосунда 6 миң киши менен түзүлөт. «Дүйнөнүн эң чоң Ататүрк портрети» деп Гиннес рекорддор китебине кирүүсү максат кылынган чыгармачылыктын экинчиси да 2013 – жылы Бурсада 5 миң 990 киши менен өткөрүлгөн.
«Йени шафак» гезити «Интернет колдонуу 50 пайыздан ашты» деген маалыматында дүйнөдө интернетти эң көп колдонгон өлкөлөрдүн башында турган Түркияда интернет колдонуу 50 пайыздан ашканын жазган. Түркия статистика мекемесинин иликтөөсүнө караганда 16- 74 жаш тобундагы кишилердин интернет колдонуу катнашы 53,5 пайыз, интернет колдонгондордун катнашы 53, 8 пайыз болду. Иреттүү интернет колдонуучуларынын катнашы болсо 44, 9 пайызга жогорулаган. Интернет эң көп үйлөрдө колдонулган жана андан кийин интернет колдонуу 38, 7 пайыз менен иш жерлери келген. Мунун тышында интернет үчүн алып жүрүүгө боло турган аппарат колдонуу да көбөйдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар