Түрк басма сөзү 16. 08. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

93010
Түрк басма сөзү 16. 08. 2014

«Йени шафак» гезити «Газада коркунучтуу балланс» деген маалыматында Изриаль 20 миңге жакын жаранды өлтүргөн Газада жараланган 10 миң палестиналыктан миңге жакыны өмүрүнүн калганын майып болуп өткөрөрүн белгилеген. Гезит Жер жүзүндөгү дарыгерлер төрагасы Керем Кыныктын : «Реаблитация долбоорун баштатуудабыз. Алдыңкылыгыбыз абалы оорлорду Түркияга жиберүү»,- дегенин билдирген.
«Стар» гезити Германиянын борбор шаары Берлинде 11 – августта Мевлана мечитинде чыккан өрткө көңүлдөрдү бурууга аракет кылган миң кишинин мечиттин алдындагы проспектиде жума намазын окушканын белгилеген. Гезит Мевлана мечитинин жамаатынын Скалитзер проспектисинде жума намазын окугандан кийин Берлин Ислам Федерациясынын төрагасы Фазлы Алтындын намаз окугандан кийин өткөргөн пресс – жыйынында : «Үмүтүбүз мусулмандардын ачыкка чыгарылуусу. Себеби тынч уктай албай жатабыз. Еврей душмандыгына карата кандай чара көрүлүп жаткан болсо ошол эле нерсени исламофоби үчүн да күтөбүз. Антпесе мусулмандардын башына дагы көп нерсе келиши мүмкүн»,- дегенин жазган.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму : эболага көп көңүл бурулган жок» деген кабарында Батыш Африканы коркуткан жана 1069 кишинин өлүмүнө себеп болгон эбола вирусу тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун «Эпидемияга көп көңүл бурулган жок» деген билдирүү жасаганын белгилеген. Гезит уюмдан жасалган билдирүүдө чаралардын көрүлүүсү керектиги баса белгиленгенин билдирген.
«Стар» гезити «Миллионер саны 70 миң 714 чыкты» деген маалыматында Банктык түзөтүү жана көзөмөлдөө мекемесинин маалыматтарына караганда июнь айынан баштап банктарда 1 миллион лирадан ашуун акчасы болгон кардарлардын санынын 70 миң 714 чыкканын белгилеген. Гезит бул жылдын биринчи алты айында миллионерлер клубуна 3 миң 868 киши кошулуп, миллионерлердин жалпы акчасынын да 455, 7 миллиард лира болгонун белгилеген.
«Миллийет» гезити «Брюссель аянты түрк килеми болду» деген маалыматында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде шаардын эң белгилүү аянты Grand Placeтын 600 миң бегония гүлү колдонулуу менен абдан чоң түрк килемине айландырылганын белгилеген. Гезит аянттын ортосуна жайгаштырылган кызыл, сары, кызгымтыл түстөгү бегония гүлдөрү жана колдонулган чөптөр менен бир түрк килеминин мотивинин жаратылганын жазган. Маалыматта Бельгияда түрк жумушчу күчүнүн 50 жылдык иш чараларынын негизинде жасалган эмгектин 75 метр узундукта жана 25 метр кеңдикте 875 метр квадраттык аянтка жайылганын билдирген.
«Ватан» гезитинин спорт бетинен жарыяланган «Кош бол төрага» деген маалыматында Бешикташ жана түрк футболунун улуу ысымы Сүлейман Себанын Стамбулда түбөлүккө узатылганын белгилеген. Гезит жаназа зыйнатына миңдеген кишинин катышканын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар