Түрк басма сөзү 31.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

75022
Түрк басма сөзү 31.07.2014

«Хүррийет» гезити «17 жолу айттык, ошентсе да атышты» аттуу кабарында Израиль армиясынын кечээ таңга маал Бириккен Улуттар Уюмунун качкындарга жардам боюнча мекемесинин (UNRWA) көзөмөлүндөгү бир мектепти атканын жазган.
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындарга жардам боюнча мекемесинин баш комиссары Пьер Кренбюлдун Израилди абдан оор сөздөр менен күнөөлөгөнүн жазган гезитте, «Израиль тарабынан эл аралык укуктун абдан жаман бузулушун катуу айыптаймын»,деген сөздөргө орун берилди.
«Миллийет» гезити «Газанын 8ден бири үйсүз калды» деген кабарында бир миллион 700 миңден ашуун киши жашаган Газада Израилдин аскердик операциясынын айынан 240 миңге жакын кишинин үйүн таштаганы белгиленген.
Гезит Израиль кургактыктан жана деңизден курчоого алган Газа тилкесинен чыга албаган палестиналыктардын үйүнөн ажырагандарынын саны жалпы калктын санынын 8ден бирин түзгөнүн белгилеген.
Гезит жалгыз коопсуз баш калкалоочу жай катары көрсөтүлгөн БУУнун окуу жайларынын да Израиль тарабынан бомбаланышы менен жарандардын каза болушу көбөйгөнүн жазып, палестиналык жооптууларга караганда 23 күндөн бери уланып жаткан кол салууларда каза тапкандардын санынын 1300дөн ашканын баяндаган.
Кабарда БУУнун жооптууларынын каза болгондордун эң аз 243үнүн бала экендигин билдиргенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «192 өлкөгө даяр кийим экспорту» аттуу кабарында Түрк даяр кийим жана конфекция секторунун жалдын биринчи жарымындагы экспортун өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 12,1 пайызга көбөйтүп, 192 өлкөгө 9,4 миллиард доллардык экспорт жасаганын белгилеген.
Гезит экспорт жасалган өлкөлөрдүн башында Германия турганын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «10 миллиарддык фестиваль» деген кабарында 7-июндан 29-июнга чейин улантылган Стамбул Шоппинг фестте жалпы сатуунун 10 миллиард 2 миллион лирага жеткенин баяндаган.
Гезит быйыл сатуунун өткөн жылга караганда 23,6 пайыз жогору болгонун белгилеп, ошондой эле ушул мезгилде соода борборлорунан алынган товарлардын 29 пайыз өскөнүн маалымдаган.
«Акшам» гезитинин спорт барагында чыккан «Бүркүт турга жакын» деген кабарында Чемпиондор лигасынын 3-алдын ала тандоо турунун биринчи оюнунда Бешикташтын Нидерландиянын Фейеноорд командасын атаандаш талаасында жеңип алганын белгилеген.
Гезит Мустафа Пектемек жана Керим Фреи киргизген голдор менен Бешикташтын реванш беттешүүсү үчүн мүмкүнчүлүккө ээ болгонун баса белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар