Түрк басма сөзү 1. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

113874
Түрк басма сөзү  1. 07. 2014

«Йени шафак» гезити «Мешал менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында Хамастын саясий бюросунун шефи Халид Мешалдын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглуна Израилдин Газа жана Батыш Шериадагы операциялары тууралуу маалымат бергени белгиленген. Гезит Мешалдын Давутоглунан Израилдин кол салууларынын токтотулуусу үчүн эл аралык коомдун эртерээк кыймылга өткөрүлүүсүн талап кылганы белгиленген. Маалыматта Мешалдын айрыкча Газага жасалган эмбаргону соңуна чыгаруусун суранганы да билдирилген.
«Ватан» гезити «Родостуктар мектептин ачылуусун каалап жатат» деген маалыматында Осмон императорлугу 400 жыл өкүмдүк кылган Родосто жашаган мусулмандардын 42 жыл мурда рестоврациялоо негизи менен жабылган түрк мектебинин кайрадан ачылууусн каалаганын билдирген.
«Милиййет» гезити «Музаффергахта «Таййип Эрдоган госпиталы» кубанычы» деген маалыматында Пакистандын түштүгүндөгү Музаффергах шаарында курулган жана аймактын заманбап медициналык борбору болгон Таййип Эрдоган госпиталдын оорулууларды кабыл ала баштаганы жана дарылоонун да башталганы белгиленген. Гезит Түркия тарабынан курулган ооруканага барган жана маалымат алган Пенжап аймактык төрагасы Мухаммед Шахбаз Шерифтин акыркы чыгарылган технологиялык аппараттар жана медициналык жабдыктар менен камсыздалган 500 орундуктуу Таййип Эрдоган госпиталдын Түркия өкмөтүнүн жана калкынын Түштүк Пенжап аймагына бир белеги экенин айтканын билдирген.
«Сабах» гезити «ТИКАдан Кеняга колдоо» деген маалыматында Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы менен Стамбул мэрдигинин Кенянын Гарисса аймагына 6 гидравликалык таштанды ташуучу машина жана 400 таштанды контейнери жардамын бергенин белгилеген. Гезит бул таштанды контейнерлеринин Түркиянын Наироби элчилигинде өткөрүлгөн салтанат менен жетекчилерге өткөрүлүп берилгенин белгилеген. Маалыматта Гарисса башкаруучусу Натиф Ямах Адамдын ТИКАнын Кеняда өзгөчө да Түштүк Чыгыш Кеняда бир топ проекти менен иштегенин белгилегени жазылган. Гезит Түркиянын Наироби элчиси Хүсейин Авни Аксойдун болсо ТИКАнын Кеняда адамдардын турмушун өзгөрткөнүн айтканын билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнөнүн белгилүү баллон учуруу аянты» деген маалыматында Кападокиянын жылда 300 күн баллон учуруу өзгөчөлүгү менен дүйнөдө жылуу аба баллон учуруунун эң негизги борбору болгонун баса белгилеген. Гезит өткөн жылы аймакка келген көпчүлүгү чет элдик турист болгон 430 миң киши отурган жылуу аба баллондорунун Кападокия менен дал келгенине көңүлдөрдү бурган.
«Акшам» гезити «Барселонанын канаттары Бекодо» деген кабарында дүйнөлүк футболдун эң чоң маркасы Барселонага түрк тамгасынын басылганын белгилеген. Гезит эл аралык үй эмеректерин өндүрүүчүсү түрк маркасы Беконун белгилүү футболдук команданын 3 – эң чоң спонсору экенин белгилеген. Маалыматта кадрында Месси, Неймар сыяктуу жылдызы болгон Барселонанын формасынын жеңинде 4 жыл Беко деп жазылары билдирилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар