Түрк басма сөзү 20.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

101642
Түрк басма сөзү 20.06.2014

“Йени шафак” гезити премьер-министр Режеп таййип Эрдогандын Австриянын борбор шаары Венада Европалык Түрк демократтар биримдигинин (UETD) түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн “Вена жолугушуусуна” катышканын белгилеген.
Гезит он миңдеген мигранттар кубанычтуу тосуп алган Эрдогандын, “Биз бүгүн Венага көңүл көтөрүү үчүн келдик. Биз Австрияда, Германияда жана Европанын калган бардык өлкөлөрүндө эмгеги менен, тажрыйбасы менен эң маанилүүсү тынчтык жана достук билдирүүлөрү менен жашап турган улутпуз”,-дегенин баяндаган.
“Сабах” гезитинде чыккан “Испания жаңы королуна ээ болду” аттуу кабарында Испаниянын королу Жуан Карлостун тактысын кечээ күнү уулу Фелипеге расмий түрдө өткөрүп бергенин жазган.
Гезит аскердик салтанаттан кийин Мадридде шаарды кыдырууга чыккан корол Фелипе жана королева Летициянын андан кийин кыздары менен чогуу сарайдын балконунан элге салам бергенин баяндаган.
“Стар” гезити “Европа Биримдигнинин жаңы энергетикага муктаждыгы бар” аттуу кабарында Түркиянын биржалар жана палаталар биримдигинин төрагасы жана Eurochambersтин төрага орун басары Рифат Хисаржыклыоглунун Измирде өткөрүлгөн Түркия-ЕБ кошмо кеңеш комитетинин 33-жыйналышында сүйлөгөн сөзүнө токтолгон.
Гезит ЕБнин кеңейүүсүнүн Европа Биримдигине жаңы энергия кошо турганын белгилеген Хисаржыклыоглунун: “Түркия катары жетишип жаткан ийгилигибизди ЕБнин ичинде уланткыбыз келет. Виза темасы да Түркиянын ЕБне көз карашы жана ЕБнин баалуулуктарына шайкеш келбейт”,-дегенин баяндаган.
“Хабер түрк” гезити “Бурсага жаңы инвестиция белгиси” аттуу кабарында Түркияда Ояк тобу менен өндүрүшүн жүргүзгөн Renaultтун ийгилик боюнча жооптуу төрага орун басары Жером Столлдун фирманын дүйнөдөгү негизги өндүрүш борборлорунан бири болгон Бурсада Ояк Renault ишканасында жасала турган модель жаңылоо инвестициясынын үстүндө иштеп жаткандарын айтканын баяндаган.
Гезит Түркия сапарында суроолорго жооп берген Столлдун: “Renault иштеп чыккан ар башка товарлары бар жана айрымдары Түркияда сатылат жана өндүрүлөт. Бир канча айдын ичинде жаңы инвестициябыз темасында бир канча ачыктоо жасоого даяр боло турганыбызды ойлоодомун”,-дегенин белгилеген.
“Акшам” гезити “Йеллен кылдат бирок пессимист эмес, күчтүү өсүү 2015-жылы болот” деген кабарында АКШнын борбордук банкынын дагы көп убакытка дейре пайыздарды төмөн кармоого чечкиндүү болгонун белгилеген.
Гезит АКШнын борбордук банкынын төрайымы Жанет Йеллендин: “АКШнын өсүү потенциясы дагы бир топко төмөн бойдон калат, 2015 жана 2016-жылдарда дагы күчтүү өсүүнү көрөбүз”,-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар