Түрк басма сөзү 10.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

89036
Түрк басма сөзү 10.06.2014

«Йени шафак» гезити Түркия жана Ирандын карым-катнаштарында жаңы барак ачканын белгилеген.
Гезит Ирандын президенти Хасан Руханинин президент Абдуллах Гүл жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушканын баяндаган. Кабарда Гүлдүн тарыхый сапардын маанисин баса белгилегенин, Руханинин болсо сапарынын эки өлкөнүн карым-катнаштарында бурулуш жер боло турганын белгилеп аймактагы ыраатсыздыктын эч кимге пайдасы болбогонун баса белгилегенин маалымдаган.
Гезит сооданын эки эсеге жеткирилишин максаттагандарын айткан Руханинин Басра булуңу жана Араб деңизин Кара деңиз жана Жер ортолук деңизге кошо турган темир жол системасы салына турганын айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити « Гаук түрк ишкерлердин көңүлүн көтөрдү» деген кабарында Германиянын Кельн шаарында орун алган жана «Кичи Стамбул» катары аталган Кеуп көчөсүнүн 2014-жылдын 9-июнунда ашкере оңчул NSU террор уюмунун бомбалуу кол салуусу болгон күндө маанилүү бир конокту тосконун сөз кылган.
Гезит Германиянын президенти Йохаим Гауктун жарылууда ишканалары зыянга учураган түрк ишкерлердин жанына барып ал көчөдөгү ресторанда тамак жегенин белгилеген.
Гезит «Кол салуудан кийин өлкөнү таштап кетпегениңиз үчүн сиздерге ыраазыбыз»,-деп айткан Гауктун сапарынын немис басма сөзү тарабынан да жакындан байкалганын баяндаган.
«Ватан» гезити «Өнүгүү рекордго айланды» аттуу кабарында экономикалык өсүүнүн алдыңкы көрсөткүчү өнөр жай өндүрүшүнүн апрелде 4,6 пайыз менен күтүүлөрдөн жогору болгонун белгилеген. Гезит экспорт менен өнөр жай өндүрүшү индексинин 121 пайыз болуп тарыхынын эң жогорку деңгээлине жеткенин маалымдаган.
«Акшам» гезитинин экономика барагында чыккан «Түрк аба жолдору 15 заказды такташтырды» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун АКШлык учак өндүрүүчүсү Boingге берилген 15 даана В737-8 МАХ учак алуу опциясын так заказга айландыруу чечимин чыгарганын баяндаган.
Гезит Түрк аба жолдорунун жарыясында учак заказдарынын 2020-жылы өткөрүлүп алына турганы белгиленгенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «АТАКтын алтын доору» деген кабарында Түркиянын алгачкы жергиликтүү чабуул тик учагы АТАКтын Түрк куралдуу күчтөрүнө өткөрүлүп берилгенин жазган.
Гезит ок атышуу аняттарында жакын колдоо алыш үчүн колдонула турган тик учактардын өз классынын эң мыктысы катары кабыл алынганын белгилеген. Кабарда АТАКта 2 стингер ракетасы менен катар улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүлгөн дүрмөттөлгөн 8 анти-танка ракетасы «мызрак», ошондой эле дүрмөттөлгөн 12 «жирит» боло турганы баяндалган.
«Сабах» гезитинин спорт барагында Дүйнөлүк кубокко катышкан 32 өлкөнүн тренерлеринин Түркияга чоочун эместигин белгилеген. Кабарда Дель Боскенин Бешикташ, Лөвиндин Фенербахче, Халилходзичтин Трабзонспордо жана Сусичтин да 5 түрк кулбунда кызмат кылганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар