Түрк басма сөзү 8.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

87242
Түрк басма сөзү 8.06.2014

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң чоң аэропортунун пайдубалы Стамбулда түптөлдү» баш сөздүү кабарында «Республика тарыхынын эң чоң проекттеринен бири боло турган бул аэропорттун 76,5 миллион метр квадраттык аянттын үстүндө салынып жатканы маалымдалган. Кабарда 6 көз карандысыз конуу тилкеси , 500 учак орундуу жана 70 миң унаалык автопарк менен катар эң чоң өзгөчөлүгү да жылына 150 миллион жүргүнчүгө кызмат кылына турганы билдирилген.
«Миллийет» гезити Түркия менен Ирандын ортосунда акыркы мезгилдерде өнүгүп бараткан карым-катнаштардын алкагында алгачкы нерсе боло турганын баяндаган.
Гезиттин кабарында Түркия-Иран Стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен Ирандын президенти Хасан Руханинин жетекчилигинде өткөрүлө турганы маалымдалган. Кабарда Руханинин дүйшөмбү күнү Түркияга келе турганы белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Казак армиясына Аселсандын колдоосу» деген кабарында АСЕЛСАНдын Казакстандагы кеңсеси Kazakhstan ASELSAN Engineeringдин түнкүсүн көргөн аппараттарды өндүрүү үчүн Казакстандын Коргоо министрлиги жана Казакстандын чек ара коопсуздук командирлигинин ортосунда эки башка келишимге кол коюлганын маалымдаган.
Kazakhstan ASELSAN Engineering Казакстандын өнөр жай министрлигинен түнкүсүн көргөн аппараттар жана термалдык көз караш системаларынын өндүрүшлүшү жана Казакстанда сталышы үчүн лицензия алган.
«Хабер түрк» гезити түрк оюнчу Brodway сахнасында аттуу кабарында жаш оюнчу Эсин Варандын Америкада Brodway сахнасына чыгаарын жана дүйнөгө таанымал сериалда роль ала турганын билдирген.
Гезит Түркияда саясатты окуган бирок оюнчулук кыялдарынын аркасынан түшүп Америкага барган Эсин Варан, өз ийгилиги менен Brodwayде кыска мөөнөттө өзүнө көңүлдөрдү бурууда ийгиликке жетишти.
«Сабах» гезити Кахраманмараштын Улудаз дөбөсүнө көчкөн айланкөчөктөрдүн улуттук парктын кызматкерлери тарабынан коргоого алынганын баяндаган.
Кабарда фотографчылар тарабынан Улудаз дөбөсүнөн капыстан көрүп калышкан 50 миллион айланкөчөктүн зыян тартпашы жана туризм потенциясына салым кошуулары үчүн улуттук парктын кызматкерлери тарабынан корголо турганы билдирилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар