Фенербахче атаандашынан 40 упайга озуп кетти
Фенербахче Догуш Тофашты 103-63 упай эсебинде утуп алды.
Тахинжиоглу Баскетбол супер лигасынын плей-офф финал мелдештеринин алгачкы оюну Фенербахче Догуш менен Тофашты беттештирди...
Фенербахче оюндун биринчи чейрегин 21-15 упай эсебинде, экинчи чейрегин 47-30 упай менен бүтүрдү...
Үчүнчү чейректен 80-42 упай менен чыккан Фенербахче, оюнду 103-63 упай менен бүтүрдү.
Фенербахче клубунун жаңы төрагасы Али Коч да финал мелдештеринин биринчи оюнунда командасын жалгыз калтырбай оюнду трибунадан байкап олтурду...
Финал мелдештеринин экинчи оюну бейшемби күнү ошол эле Үлкер Спор жана иш-чара залында болот.
Эске сала кетсек Фенербахчени европанын эң мыкты баскетбол машыктыруучусу Обрадович машыктырууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Ампутанттар улуттук курама футбол командасын куттуктады
Ампутанттар улуттук курама футбол командасы талаадан 3-0 эсебинде жеңиш менен чыкты.