Улуттук шахматчылар 12 алтын, 9 күмүш жана 7 коло медалга ээ болду

8 өлкөдөн 7-17 жаштагы шахматчылар катышкан чемпионатта медалдар тизмесинде Түркия биринчи болду.

2150335
Улуттук шахматчылар 12 алтын, 9 күмүш жана 7 коло медалга ээ болду

Ирландияда өткөрүлгөн Европа мектептеринин шахмат чемпионатында Түркия 12 алтын, 9 күмүш жана 7 коло медалга ээ болду.

8 өлкөдөн 7-17 жаштагы шахматчылар катышкан чемпионатта медалдар тизмесинде Түркия биринчи болду.

Түркия шахмат федерациясынын төрагасы  Гүлкыз Тулай жаш спортчулардын чемпионатта олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп: «Биз шахмат боюнча Европанын эң чоңубуз. Былтыркыдай бул жылы да спортчуларыбыз өзгөчө, сыймыктанарлык ийгиликке жетишти. Европада биздин спортчуларыбыздын бул кереметтүү оюну менен канчалык сыймыктансак да аздык кылат",- деди.  



Тектеш кабарлар