Күрөш боюнча алтын медаль
Венгрияда Поляк Имре менен Варга Яношту эскерүү күрөшү турнири өттү.
2150525
![Күрөш боюнча алтын медаль](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/77c7/6f54/7870/666550c094a7b.jpg?time=1722043955)
Венгрияда өткөрүлгөн Поляк Имре менен Варга Яноштун эскерүү күрөшү турниринде улуттук атлет Бусе Тосун Чавушоглу алтын медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында 68 килограмм салмакта мелдешкен Бусе Тосун Чавушоглу финалда венесуэлалык Солейми Антониета Карабалло Эрнандес менен беттешти.
Беттешти 2:0 эсебинде Бусе жеңип, алтын медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында 65 килограмм салмакта Түркиянын атынан чыккан Несрин Баш күмүш медалга ээ болду.
Борбор калаа Будапештте өткөн мелдеш бүгүн аяктайт.