Эрдоган Ампутанттар улуттук курама футбол командасын куттуктады

Ампутанттар улуттук курама футбол командасы талаадан 3-0 эсебинде жеңиш менен чыкты.

2150449
Эрдоган Ампутанттар улуттук курама футбол командасын куттуктады

2024-жылы Европа Ампутанттар футбол чемпионатынын финалында Испанияны 3-0 эсебинде утуп алган Түркия, үчүнчү жолу катары менен кубокту жеңип алды.

Франциянын Жогорку Савойе аймагындагы Эвиан-ле-Бен шаарында ампутанттар арасында үчүнчү Европанын футбол чемпионаты өттү.

Камиль Фурнье стадионунда ойнолгон финалдык оюнда Түркия Испания менен беттешти.

Ампутанттар улуттук курама футбол командасы талаадан 3-0 эсебинде жеңиш менен чыкты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа чемпиону болгон Ампутанттар улуттук курама футбол командасын куттуктады.

Президент Эрдоган, социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Футбол боюнча Ампутанттар Европа чемпиондугунун финалында Испанияны жеңип, үчүнчү жолу катары менен Европа чемпиону болгон жана бизди кайра дагы бир жолу сыймыктандырган Ампутанттар улуттук курама футбол командасын чын жүрөктөн куттуктайм»,-деп айтты.

Эрдогандын бөлүшүүсүндө Ампутанттар улуттук курама футбол командасынын сүрөтүн жана «Түркия 2024 Европа Ампутанттар футбол чемпионун куттуктайбыз» деген текстти да орун алды.



Тектеш кабарлар