Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-124

Түрк элдеринин адабиятынан - Халида Эдиб Адывардын чыгармачылыгы

1549402
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-124

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк адабиятынын белгилүү жазуучусу, саясатчы, академик, журналист Халиде Эдип Адывар айымдын өмүр-баянынан жана анын “Оттон көйнөк” аттуу белгилүү романынан кеп салабыз.

20-кылымдагы түрк адабиятында ийгилик жараткан айым жазуучулардын бири катары Халиде Эдип Адывардын ысмы таанылган. Анын чыгармаларынын үстүнөн бир кылым өтсө да көп окулуучу китептердин арасынан орун алып келет. Халиде Эдип Адывар түрк адабиятында белгилүү роман жазуучусу катары таанымал. Ал 1884-жылы төрөлүп, балалык чагы Стамбул шаарында өткөн. Кичине кезинде атайын билим алган соң, Үскүдардагы Америка кыздар колледжин аяктаган. Андан соң Стамбулдагы бир топ мектептерде мугалим болуп иштеген. Биринчи дүйнөлүк согушта Сирияга барып кыздар мектебинин текшерүүчүсү катары кызмат өтөгөн. Стамбулга кайтканда университетте биринчи мугалим айым болуп лекция окуган.

Ал коомдук иштерге да активдүү катышкан. Белгилүү “Куртулуш” (Боштондук) согушунун учурунда Анадолуга өтүп согуш үчүн жардам берген. 1926-жылы жолдошу Аднан Адывар менен чет өлкөгө чыгып он жылдан ашуун убакыт Европада жана Америкада жашаган. Башка өлкөлөрдү кыдырып илимий докладдарын окуган жана чет элдик университеттерде сабак берген. 1939-жылы өлкөсүнө кайтып, университетте профессор наамын алып, Англис тили жана адабияты бөлүмүндө лекция окуган. Анын азыркы учурда да колдон түшпөй окулчу “Синекли баккал дүкөнү”, “Оттон көйнөк”, “Хандан айым”, “Жүрөк оорусу”, “Айланган күзгү”, “Йол палас кылмышы” сыяктуу жыйырма чакты белгилүү романдары, “Тоого чыккан карышкыр”, “Измирден Бурсага карай” өңдүү аңгемелери, “Сирендүү үй”, “Түрктүн от менен болгон сынагы” сыяктуу эскерүүлөрү, театр жанрындагы драмалары жана бир топ илимий макалалары бар. Өмүрүн изилдөөгө, илимге арнаган Халиде Эдип Адывардын чыгармаларын изилдөөчүлөр үч бөлүккө бөлүп карашат. Биринчиси - аялдардын укугун жана билим алуусун колдогон чыгармалары, экинчи - улуттук боштондук күрөш жылдарын чагырдырылган романдары жана акыркысы - каармандын көзү менен ошол учурдун коомчулугун сүрөттөгөн чыгармалары.

Халиде Эдип Адывар өмүрүнүн аягына чейин талыкпай иштегенин, чыгармачылык менен гана алектенбестен алгачкы коомдук аял ишкер экенинин да тастыктаган. Ал 1950-жылы бир топ жыл депутат болуп кызмат өтөгөндөн кийин кайра университетке келип иштеген. 1960-жылы пенсияга чыгып, 1964-жылы бул жарык дүйнөдөн кайткан.

“Синекли баккал дүкөнү” романы чыгармаларынын ичинен эң популярдуусу болуп эсептелип, алгач англисче жазылган. Кийин түркчөгө которулуп 1943-жылы Жумурият Элдик Партиясынын сыйлыгына татыктуу болгон. Чыгармада ошол доордогу түрк коомчулугунун батыш менен байланышында пайда болгон маданий маселелер камтылган. Романдын башкы каармандарынын бири Тевфик эне-атасынан эрте ажырап, жаштайынан искусствого, өзгөчө театрга кызыккан жигит болот. Жашаган жеринде аны кыз Тевфик деп да аташат. Анткени келбети кызга окшошкон Тевфик аял кылыгына кирип сахнага чыккан үчүн ага ушул лакап тагылган. Тевфиктин жактырган кызы ошол өзү жашаган аймактагы имам Илхами мырзанын Эмине аттуу кызы болот. Эмине да Тевфикти жактырып диндар үй бүлөсүнүн каршы чыкканына болбой үйлөнүшөт. Бирок арадан көп өтпөй үй бүлөдө түшүнбөстүктөр келип чыгып эки жолго түшүшөт. Эмине кош кабат абалы менен кайрадан өз үйүнө келет. Ал учурда сахна оюндарын жактырбаган эл Тевфикти шылтоо менен сүргүнгө айдатат. Тогуз айдан кийин Эминенин Рабия аттуу кызы төрөлөт. Чоң атасы небересинин да жашоосунун тайкы болушунан коркуп мектепке жөнөтпөй ага үйдө диний таалим-тарбия берет. Рабиянын чыгармачылыкка жакын экени кичине жашынан байкалат. Кооз үнү менен куран окуган Рабиянын чоңойгон сайын аты алыска тааныла баштайт. Мевлүт окуганга ар тараптан талаптар түшүп, жаш кезинен акча таап үйүнө жардам бере баштайт. Ошол учурдун белгилүү адамы Селим Паша кыздын талантын байкап Вехби аттуу улуу аалымга окутат. Өтө диндар өз чоң атасы менен диндар аалым Вехби чоң атанын диний көз караштарынын асман менен жердей болгон айырмачылыгын байкап чоң атасына чыдабай сүргүндөн келген атасынын үйүнө көчүп кетет. Селим Пашанын уулу Хилми мырза ошол учурдун падышасына каршы чыккан жаңычыл партияда орун алган активист болот. Ал батыш менен жашыруун кат алышуу үчүн Рабиянын атасы аял кийимин кийген Тевфик менен почтага кат ташытып иштешет. Бул учурда Хилминин италиян улутундагы досу Перегрини менен Рабия бир-бирин жактырып турмуш курушат. Перегрини ислам динин кабыл алып Омсон атанат. Жашыруун кат ташып иштеген Тевфик ошол маалдарда кармалып, кайрадан сүргүнгө айдалат. Романдын аягында Тевфик сүргүндөн кайтат жана аны небереси менен кызы, күйөө баласы күтүп алат. Бул чыгарма ошол учурдун эң мыкты социалдык анализин жүргүзгөн чыгармалар арасына кирген.   Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда белгилүү түрк жазуучусу Халиде Эдип Адывар тууралуу учкай кеп болду. Жазуучунун чыгармалары бир топ тилге которулганы белгилүү. Эгерде “Синекли баккал дүкөнү” романына кызыгуу жаралган болсо анда эне тилинде, англис жана орус тилдеринде которулган котормолорун барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар