Реисинин кырсыкка учураган тик учагы жана түрк учкучсуз учуучу аппараттары

Апталык анализ - 21.2024

2144165
Реисинин кырсыкка учураган тик учагы жана түрк учкучсуз учуучу аппараттары

 Азербайжан чек арасында Алиев менен биргелеше плотинанын  ачылышын аткаргандан кийин Ирандын президенти Реисини Тебризге алып бара турган тик учак кырсыкка учурады. Учактагы Ирандын президенти Реиси жана тышкы иштер министри Хүсейин Эмирабдуллахиян баш болгон жогорку деңгээлдеги делегациянын баары каза болду. Тик учак кулагандан кийин ирандык куткаруу топтору көпкө чейин тик учактын калдыктарын таба албай Түркиядан жардам суроого аргасыз болду.  Түркия бул чакырууга ылдам  жооп берип, AKINCI  чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараттары  куткаруу иштерине катышты. Учак кырсыкка учурадыбы же саботажбы, табышмак.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

Азербайжандын  президенти Илхам Алиев жана Ирандын президенти Ибрахим Реиси эки өлкөнүн чек арасында Кыз чеби жана Худаферин плотиналарынын ачылышын аткарышты. Реиси Азербайжан чек арасында Алиев менен биргелеше плотинанын ачылышын аткаргандан кийин Тебризге кайтуу үчүн учкан тик учак менен байланыштын үзүлүшү күтүүсүздөн эл аралык коомчулуктун көңүл чордонуна айланды. Ирандын баш  - аламан билдирүүлөрү жана лидердин тагдырына байланыштуу белгисиздик абалдын олуттуулугун көрсөттү. Акырында президент Реиси жана тышкы иштер министри Хүсейин Эмирабдуллахиян менен бирге жогорку мартабалуу мамлекеттик кызматкерлери болгон тик учактын кырсыкка кабылгандыгы белгилүү болду. Ирандын мамлекеттик аппараттары жана куткаруу топтору көпкө чейин урандылардын ордун таба албай, Түркиядан жардам суроого аргасыз болду.

Түрк коргонуу министрлигинин берген маалыматына караганда ирандыктардын байланышынан кийин ылдам түрдө аймакка түнкү көрүү системалары менен AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараттар  жөнөтүлдү. 

AKINCI чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараттары ылдам түрдө аймакка барып издөө -  куткаруу иштерине катышты. AKINCI да жарыялаган  видеолордо аймакта аба шарттарынын начар экендиги, бороон жана тумандын иштерди кыйындаткандыгы байкалып, SAT com менен TürkSAT спутниктеринин да колдоосу менен термалдык жана башка тартып алуу системалары менен AKINCI Реисинин кырсыкка учураган тик учагынын урандыларын аныктоодо ийгиликтүү болду жана координаттарды ирандык мекемелерге берди.

Түркиянын бул кадамы чоң жаңырык жаратып, миллиондогон киши  Flight Radar жана Анадолу агенттигинин түз эфиринде AKINCIнын тик учактын урандысын табууга аракет кылышын көрдү. Эрте мененки сааттарда да уранды табылып, тик учактагы Реиси да болгон баарынын каза болгондугу ортого чыкты.

Саботажбы же кырсыкпы?

Реисинин тик учагы аба ырайынын начардыгынан кырсыкка учурадыбы же саботаж болдубу? Азырынча такталган абал жок. Ирандык мекемелер тыкандык менен иштеп чындыкты ортого чыгарат. Албетте эгерде саботаж  боло турган болсо эске биринчи болуп Израиль келет. Маалым болгондой Газага карата оккупациядан кийин Иран менен Израилдин ортосунда оболу прокси, андан кийин түздөн-түз аскердик кагылышуулар болду бирок АКШнын Израилди колдоосу менен андан ары күчөшүнө бөгөт коюлган. Бирок Израиль Ирандын салыштырмалуу күчтүү чабуулдарына толук жооп бере алган жок. Израилдик жетекчилер убагы келгенде  Иран жообубузду көрөт деген билдирүүлөрдү жасап жатты. Бирок Реиси колдонгон тик учактын кеминде  30 жылдык экендиги, ыңгайсыз аба шарттарында учуу үчүн техникалык жабдыктарынын жетерлик эмес экендиги да белгилүү. Аймактагы бороон жана туманга да көңүл бурулганда аба ырайынын кырсыкка себеп болуу ыктымалы жогору.

Акырында саботаж болуп же болбогондугу техникалык изилдөөлөрдүн акырында ортого чыгат. Бирок Иран мамлекетинин компетенциясына карата олуттуу сын пикирлер жаралат. Тик учактын техникалык жактан жетишсиздиги, куткаруу иштеринин алсыздыгы жана Түркиядан жардам суроого мажбур болушуна байланыштуу олуттуу сындар болот. 

Маселеге Түркия жагынан караганда коңшулук милдетин аткарган өлкөнү көрөбүз. Ирандын жардам талабы дароо жообун алды жана бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр колдонулду. Өзгөчө  AKINCI куралдуу учкучсуз учуучу аппарат жана TürkSat спутниктеринин ийгилиги дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, түрк коргонуу өнөр жайынын азыркы абалын дагы бир жолу көрүшүнө шарт түздү. Түркиянын жеткен дараметинин дүйнөдө АКШ сыяктуу бир же эки өлкөдө гана бар экенин да баса белгилей кетүү керек.

 

 



Тектеш кабарлар