Борбор Азия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-21

2143322
Борбор Азия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Борбор Азия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 13-май күнү Самарканд шаарында Азия аялдарынын форуму болуп өттү. Өзбекстандын Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева уюштурган форумга 100 жогорку кызматтагы аял жетекчилер катышты. Форумдун соңунда Самарканд декларациясы кабыл алынды.

Кытай Эл Республикасынын Премьер-министринин орун басары Лю Гочжун өткөн аптада Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Вице-премьер-министр Лю Гочжун 13-майда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, 16-майда Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев, 18-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды. Лю Гочжундун визитинин жүрүшүндө негизинен экономикалык маселелер талкууланды.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өткөн аптада расмий иш сапары менен Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда болду. 15-майда Бишкекте Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушту. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү көздөгөн биргелешкен декларацияга кол коюлду.

16-май күнү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Астанада Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. 17-майда Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин катышуусунда Казакстан-Малайзия инвестициялык жыйыны болуп өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда 350 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду. Малайзиянын Премьер-министрин аэропорттон Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өзү узатты.

17-май күнү Ташкентте Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. 18-майда Самаркандда Өзбекстан-Малайзия бизнес форуму өттү.

16-майда Түркмөнстандын Халк маслахатинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Татарстанга иш сапары менен барды. Гурбангулы Бердымухамедов Казанда Татарстандын Раиси Рустам Минниханов жана Татарстандын мурдагы президенти Минтемир Шаймиев менен жолугушту. Гурбангулы Бердымухамедов “Орусия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму 2024” 15-Эл аралык экономикалык форумуна ардактуу конок катары катышып, “Орусия Халал Экспо” жарманкесин кыдырды. Форумга 80ден ашуун өлкөдөн өкүлдөр катышты.

16-майда Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Улуттук коопсуздук кеңештеринин башкы катчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйында терроризмге каршы күрөшүү, чек арадан ашкан сууларды пайдалануу, транспорт жана энергетика сыяктуу тармактардагы маселелер каралды. Жолугушууга келген конокторду Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев кабыл алды. Президент Токаев аймактагы мамлекеттерди бири-бирине жакындата турган “Борбор Азия-2040” документин быйыл кабыл алууну пландап жатышканын билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И 17-18-май күндөрү Тажикстанда расмий иш сапары менен болду. Министр Ван И тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин жана Президент Эмомали Рахман менен жолугушту.

Окуялардан көрүнүп тургандай, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү Борбор Азия республикаларын бирге карай башташты.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар