Kүтахия фарфору

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-20

2141909
Kүтахия фарфору
13  MAYIS KÜTAHYA ÇİNİSİ

Kүтахия фарфору

Катталган күнү: 25.04.2005

Түркиянын Эгей аймагында жайгашкан тарыхый Күтахия шаары декоративдик искусствонун өзгөчө үлгүсү болгон фарфорлор менен белгилүү. Атактуулугу Түркиянын сыртына да жайылган «Күтахия фарфору» 2005-жылы Күтахия фарфорчулар, фотосүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген. Фарфор- чопо, каолин, кварц жана акиташ өңдүү органикалык эмес материалдардын аралашмаларын тиешелүү пропорцияда майдалоо, суудан арылтуу, формага келтирүү жана туура температурада ысытып күйгүзүү менен алынган ак түстөгү заттын тунук же түстүү глазурь менен капталып, экинчи жолу күйгүзүүдөн кийин пайда болот. Ошондой эле өзгөчө дубал жасалгаларында колдонулган фарфор, табак, ваза жана кооздук буюм сыяктуу сувенирлер түрүндө болушу мүмкүн. Фарфор өнөрү кылдат эмгекти жана чеберчиликти талап кылган көптөгөн этаптардан турат. Айрыкча оюм-чийимдерди мотивдерди билген чебер жана машыккан колдор даярдайт. Күтахия фарфорун жасоодо колдонулган мотивдер анонимдүү жана түрк маданиятынын маанилүү бөлүгүн камтыйт. Кызгалдак, жоогазын, лилия, роза, гвоздика, крокус, гиацинт жана башка көптөгөн гүлдөрдүн мотивдери фарфор оюмунун негизин түзөт. Уйгурлардан бүгүнкү күнгө чейин дээрлик миң жылдык тарыхы бар фарфорлор өндүрүшү өзгөчө Анадолу Селжук мамлекетинде жана Осмон империясында туу чокуга жеткен. Конья, Сивас, Кайсери, Малатия жана Эрзурум баш болгон көптөгөн отурукташкан жерлерде бар тарыхый имараттардан тышкары, Бурса, Эдирне жана Стамбулдагы чоң жана тарыхый мечиттер да Күтахия фарфорлору менен кооздолгон.



Тектеш кабарлар