Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-52

Түрк адабиятынан Өмер Сейфеддиндин “Элчи” аңгемеси.

1257618
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-52

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк адабиятынын белгилүү жазуучусу Өмер Сейфеддиндин чыгармачылыгынан жана анын “Элчи” аттуу белгилүү аңгемесинен кеп кылабыз.
 Кадырлуу окурмандар, жазуучу, акын жана ойчул Өмер Сейфеддин 20-кылымдын баштарында жашап өткөн белгилүү түрк жазуучуларынан бири. Ал 1884-жылы Түркиянын Балыкесир шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билимин айылында окуп, кийинки окуусун Стамбул шаарындагы Османийе мектебинде уланткан. Бул мектепти бүткөрүп аскердик мектепке тапшырат. Ал аскердик мектепти 1903-жылы лейтенант наамы менен аяктайт. Алгачкы жумушу Измир шаарында болуп аскердик кызматка дайындалат. 1908-жылы Селаник шаарында 3-чү аскердик гарнизондо кызмат өтөйт. Балкан согушу чыккан жылы Сербия менен Греция чек араларында согушат. Ошол майданда Гректердин колуна туткунга түшүп, бир жыл өлкөсүнөн алыс калат. Бир жылдан кийин Стамбулга кайтып, кыска мөөнөткө “Түрк сөзү” журналында иштей баштайт. 1914-жылы Кабаташ лицейине адабият мугалими болуп дайындалат жана өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде мугалимдик кызматын өтөйт. Жазуучунун чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөн учурунда ыр жазуу менен башталган. Кийин котормочулук жаатында да иштеп бир топ чыгармаларды түрк адабиятына тааныткан. Бирок дүйнөгө проза жазуулары менен белгилүү болгон. Ал отуз алты жыл гана жашаган кыска өмүрүндө унутулгус чыгармаларын жазып калтырган улуу адабиятчы десек жаңылышпайбыз. Калемгер өзүнүн адабий эстеликтеринин биринде мындай деп айтканы бар: “Адабиятка жалгыз гана өнөр деп кароого кошулбайм. Адамдын жүрөгүндө түнөгөн караңгылыкты жоюу жана аны түрдүү жаман адаттардан алыс тутуу дагы жазуучунун бирден бир милдети болуп саналат”-деген экен. Анын чыгармалары менен түрк элин жакындан таанып, каармандары аркылуу адамкерчиликтин, ыймандын, таалим-тарбиянын негиздерин үйрөнүүгө болот. Өмер Сейфеддиндин “Сүйүү толкуну”, “Бийик така”, “Кызыл алма”, “Ак жоогазын”, “Жаз жана көпөлөктөр”, “Элчи”, “Гарем” сыяктуу аңгемелери, “Эфруз мырза”, “Жалгыз Эфе” сыяктуу повесть жана романдары бар. Азыркы учурда да популярдуулугун коргоп келе жаткан Өмер Сейфеддиндин бул чыгармалары бир топ тилге которулган. Ушул себептен окурмандары көп калемегерлердин катарынан орун алган. Ал азыркы түрк адабиятында прозанын түптөлүшүнө чоң салым кошуп жана “Улуттук адабият агымынын” негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Өмер Сейфеддиндин “Элчи” аттуу аңгемесинде Осмон дөөлөтүнүн доору сүрөттөлөт. Ал доордо Шах Ысмайыл аттуу өтө каардуу бир падыша болгон экен. Вазирлер бул падышага элчи жөнөтүү үчүн чогулушат. Жөнөтүлчү элчи катары күчтүү, акылдуу, тайманбас жана өлкөнүн жоопкерчилигин алган кишини издей башташат. Сарайда бул мүнөздөгү адамды табуу кыйынга турат. Вазирлердин бири карапайым бир Мухсин Челеби аттуу адамды сунуштайт. Мухсин Челеби – тайманбас, туура жолдон жаңылбаган, өлүмдөн коркпогон, акылман, кудайдан башка эч кимге баш ийбеген адам болот. Ошентип, ал сарайга чакырылат да Тебриздеги Шах Исмаилге элчилик кылуусун өтүнүшөт. Өлкө кызматын парз катары кабыл алып, макул болот. Албетте, бир элчи мамлекеттин жоопкерчилигин алган киши катары кийими дагы маанилүү болгон. Вазир каражаттар үчүн казынадан акча бөлүп берээрин айтса да Мухсин Челеби муну кабыл албайт. Анткени, ал өлкөсүнүн намысын өзүнүн намысы катары кабыл алат. Бардык мал-мүлкүн соодагерлерге карматып, алардан он миң алтын, Индиядан келген кымбат-баалуу чыт, Венециядан келген кызгылтым берметтен жасалган көркөмдүү, желбегей жамынчу тон сатып алат. Бул кереметтүү тонду падышага белек кылуу үчүн баары умтулат. Мухсин Челеби даярдыгын жасап, жубайы жана эки баласын туугандарына жөнөтүп өзү жолго чыгат. Ал Тебризге жеткенде, жергиликтүү калкы таң калуу менен тосуп алат. Элчи падышанын мандайына келип өз падышасынын катын узатып жөн болот. Падыша астында тизе бүгүп этегинен өппөгөн анын бул кыймылына абдан ачууланат. Атайын отурчу жер даярдалбаганын билген Мухсин Челеби сегиз миң алтынга сатып алган тонун падышанын маңдайына жайып мандаш токунуп отурат. Анан коңур үнү менен падышасынын башка падышаларга баш ийбесин жана дүйнөдө түрк падышасындай күчтүү падышанын жок экенин айтып уруксатсыз ордунан туруп жөнөйт. Эшиктен чыгып бара жатканда Шахтын аскери тонун жеткирип берет. Ошондо Мухсин Челеби: “Бир түрк эч качан жерге салынган нерсени жонуна кийбейт” деп акыркы сөзүн айтып жөнөп кеткен экен. Ал өлкөсүнө аман-эсен жетет да, карыздарынан кутулуш үчүн талаа иштетип дыйканчылык кылат. Бирок, эч качан өзүнүн жасаган эрдигин уламыштап айтпаган экен. Бул чыгармада, адам өзүнүн жасаган чоң же кичине жакшылыгын милдет кылбаш керектигине басым жасалган акыл-насаат айтылган.
Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түрк адабиятынан кабардар болдуңуздар. Өмер Сейфеддиндин бир топ чыгармалары кыргызчага да которулган. Эгер жазуучу тууралуу жана бул аңгемеси тууралуу кызыктар болсоңуздар, анда кыргызча, казакча, орусча котормолорун сиздерге сунуштайбыз.
Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар