Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1209815
Тарыхта бүгүн

*** 1812 -  жылы 28 -  майда Осмон мамлекети менен Орусиянын ортосунда Бухарест келишимине кол коюлду жана Осмон  - Орусия согушу аяктады.

*** 1830 -  жылы 28 -  майда АКШнын президенти Эндрю Джексон Америкалык индеецтердин мекендеринен чыгарылышына жана башка жерлерге сүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк берген Жергиликтүү Отурукташуу Мыйзамына кол койду.

*** 1913 -  жылы 28  -  майда Осмон мамлекетинде биринчи феминист уюмдашуу деп саналган Теали  -  и Нисван жамааты тактап айтканда Аялдардын абалын жогорулатуу коому курулду.

*** 1952 -  жылы 28 -  майда Грецияда аялдарга шайлоо укугу берилди.

*** 1954 -  жыл 28 -  майда болсо ЮНЕСКО эң көп сүйлөшүлгөн тилдердин арасына түркчөнү да кошту.

*** 1961 -  жылы 28 -  майда Эл аралык мунапыстык уюму Лондондо курулду.

*** 1986 -  жылы 28 -  майда түрк адабиятынын негизги акындарынан Эдип Жансевер көз жумду.

***Азербайжан республикасынын көз карандысыздыгы 1918 -  жылы 28 -  майда Грузиянын Тбилиси шаарында Мехмет Эмин Ресулзаденин жетекчилигиндеги Азербайжан Улуттук Кеңеши тарабынан жарыяланды. 23 айлык кыска өмүрүнө карабастан Азербайжан демократиялык республикасы мусулман жана түрк коомдорунун ичинде курулган биринчи парламенттүү демократиялык укук мамлекети болуусу жактан маанилүү. Республика күнү Азербайжанда 1990 -  жылдан бери майрам катары белгиленип келет.



Тектеш кабарлар