Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-23

2149747
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Орусиянын президенти Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын 26-27-май күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Президент Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путин Ташкентте тет-а-тет жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкө ортосунда 17 келишимге кол коюлду. Түзүлгөн эң маанилүү келишимдердин бири катары Орусиянын Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу келишимин айтсак болот. Иш сапардын алкагында Өзбекстан менен Орусиянын инженердик жана медицина тармагындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору тарабынан өз-өзүнчө конференциялар өткөрүлдү. Белгилей кетчү жагдай, Өзбекстанда Орусиянын 16 алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдары ачылган. Мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Өзбекстан-Орусия Аймактар ​​аралык кеңешинин биринчи жыйыны да болду.

Ал эми 27-май күнү Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Рашид Мередов казак кесиптеши Мурат Нуртлеу жана Казакстандын санариптик өнүгүү, инновация жана авиациялык өнөр жай министри Жаслан Мадиев менен жолугушту. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды.

О.э. Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте 28-май күнү Казакстанга иш сапары менен барды. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Комарт Токаев Нидерландиянын премьер-министри менен жолугушту. Жолугушууда Нидерландиянын Казакстан экономикасына 120 миллиард доллар инвестиция салганы айтылды. Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте Максут Нарикбаев атындагы университетке барып, студенттер менен жолугушту. Марк Рютте НАТОнун баш катчысынын кызматына күчтүү талапкер экени Казакстандын басма сөзүндө жазылды.

Ал эми 29-31-майда Египет Араб Республикасынын Сенатынын Төрагасы Абдулвахаб Абдулразик Өзбекстанда иш сапары менен болду. 30-май күнү Абдулвахаб Абдулразик өзбек кесиптеши Танзила Нарбаева менен жолугушту. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн сенаттарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Ошол эле күнү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Египет Араб Республикасынын Сенатынын Төрагасы Абдулвахаб Абдулразикти кабыл алды.

 Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 29-май күнү Пакистанга расмий иш сапары менен барды. Министр Байрамов Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Пакистан армиясынын Кургактык күчтөрүнүн башкы командачысы Асим Мунир менен жолугушту.

Ал эми 30-майда Бакуда Азербайжан-Түркия биргелешкен Эмгек жана социалдык камсыздоо туруктуу комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Жыйынга министрлер Сахил Бабаев жана Ведат Ышыкхан төрагалык кылды. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Ведат Ышыкханды кабыл алды. Ошол эле күнү Анкарада Түркиянын Юстиция министри Йылмаз Тунч менен Азербайжандын Юстиция министри Фахид Ахмедовдун жолугушуусу болду. Жолугушуунун соңунда эки министрликтин ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду.

1-июнда Шуша шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун Билим берүү тармагына жооптуу министрлеринин 8-жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдөн, Эл аралык Түрк академиясынан жана Түрк Мамлекеттери Уюмунан өкүлдөр катышты.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар