Анталья пиязы тамагы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-22

2148135
Анталья пиязы тамагы

Анталья пиязы тамагы

Катталган күнү: 29.12.2017 

Анталья пиязы тамагы дээрлик жүз жылдык тарыхы менен шаар чегинен ашкан кадыр-баркка ээ. Түркиянын туризм борбору Антальянын Соода-өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген Анталья пиязы тамагы, шаарга келген жергиликтүү жана чет элдик туристтер татып көрүшү керек болгон улуттук даам болуп калды. Анталья пиязы – өзгөчө соус менен жасалган төө буурчак тамагы болуп саналат. Бул тамакта колдонулган Чандыр буурчагы тамакка башкача даам берип, тамакты даярдоодо тахин, сарымсак, туз, лимон ширеси, уксус, помидор, пияз, жумуртка, петрушка жана зайтун майы колдонулат. Анталья пиязын даярдоо үчүн буурчак бөлмө температурасында туздалган сууда түнү бою кармалат. Бир суткадан кийин суусу төгүлүп бир нече жолу чайкалат жана үстүнө калкыган көбүк алып салынат. Андан кийин төө буурчак жумшарганга чейин жакшылап бышырылат. Ошол эле учурда, тамактын соусу тахин, лимон ширеси, туз, сарымсак жана уксус менен даярдалат. Төө буурчак муздай элек кезде үстүнө соусту куюп аралаштырып, андан соң майда тууралган помидор, каалого жараша пияз жана кайнаган сууда бышкан жумуртка кошулат. Зайтун майы кошулуп, петрушка менен кооздолгон Анталья пиязын башка аймактардан айырмаланып негизги тамак катары жесе болот.



Тектеш кабарлар