Илим жана маданият көпүрөлөрү - 14

Ала - Тоонун боорунан оргуштаган "Кут алчу билим"

105628
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 14

«Илим жана маданият көпүрөлөрү» программасында бүгүн Ала - Тоонун боорунда төрөлүп өскөн түрк калктарынын залкар аалымы Жусуп Баласагын жана анын «Кут алчуу билим» чыгармасы боюнча сөз кылмакчыбыз.
«Жакшы жашоо көздөбөй, - атак көздө,
Жакшы атагың артык го тирүүлүктө,
Өзүң өлсөң артыңда атың чыгып,
Жакшы болсо атагың, жашоо кызык.
Өмүр эмес, атыңды ыйык сакта,
Түбөлүктүү даңк болбойт мындан башка!»,- деп, мындан 10 кылым илгери адамдык сапатты биринчи планга коюп жашап өткөн Жусуп Баласагын, Теңир тоонун адамзатка тартуу кылган залкар инсандарынан бири болгон. Жусуп Баласагын жашап өткөн доор түрк-мусулман ренессансынын гүлдөп турган учуру болчу.
Жусуп Баласагын тууралуу жетишээрлик так маалыматтар жок. Бирок анын “Кутадгу билиг” эмгегиндеги кириш сөздөн жана эмгегиндеги айрым ыр саптардан автордун өмүр баяны тууралуу кээ бир маалыматтарды таба алабыз. “Кутадгу билиг” эмгегиндеги маалымат боюнча ал, 1017-1019-жылдар арасында Баласагын шаарында төрөлгөн. Караханиддер дөөлөтүнүн (960-1212) борбору болгон Баласагун шаары азыркы Токмок шаарынын жанында жайгашкан. Бул шаар башка шаарлардан чоңдугу жана калкынын көптүгү менен айырмаланып турган. Жусуп Баласагын “Кутадгу билиг” дастанында өзүнүн чигил уруусунан экенин жазып калтырган.
Аттуу-баштуу үй-бүлөөнүн кулуну болгон Жусуп баштапкы билимин Баласагун шаарынан алган. Ал эми жогорку билимин болсо Кашкар шаарындагы Сажиййа медресесинде уланткан. Караханиддер кандыгынын борбор шаарлары болгон Кашкар менен Баласагынды мыкты билген Жусуп Баласагын баскан-турганы, билими жана көрөгөчтүгү аркылуу кандыктагы ар кыл кызматтарды аркалаган. Жусуп Баласагын арап, перс жана латын тилдерин мыкты өздөштүргөндүктөн чыгармаларында батыш менен чыгыштын баалуулуктары боюнча пикирлерин жазып калтырган.
Окумуштуу илимпоздордун көпчүлүгү Жусуп Баласагындын өзү тууралуу эскерген айрым ыр саптарына таянып алтымыштан өтүп кайтыш болгонун белгилешет. Анын сөөгү Кашкар шаарынын түштүгүндөгү Пайнап деген жерге коюлган. Кытайдагы коммунизм доорунда Баласагындын күмбөзү хунвейбиндер тарабынан талкаланган. Азыркы кезде улуу жазуучунун күмбөзү кайрадан өз калыбына келтирилген. Кыргыз калкы да чыгаан уулун унутпады. Кыргызстандагы туңгуч университетке Баласагындык Жусуптун аты ыйгарылды. Миң сомдук банкнотко залкар илимпоздун сүрөтү түшүрүлгөн. Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы ислам институту жана мечити бар.
Кадырлуу окурмандар, эми болсо Жусуп Баласагындан бизге мурас калган жалгыз чыгармасы «Кутадгу билиг» же болбосо «Кут алчуу билим» тууралуу сөз кылалы. Жусуп бул эмгегин 54 жашында жазып бүтүргөн. Ал поэмасын Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жылдар арасында Кашкарда аяктаган. Кол жазмаларда бул чыгарманы баш аягы 18 айда бүтүргөнүн белгилей кеткен. Жусуп бул китебин Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Тавгач Буура Карахан алкыш иретинде акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» деген наам берген. «Улуг-Хасс-Хажиб» хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адам дегенди билдирген.
82 бөлүм 6645 ыр сабынан турган «Кутадгу билиг» эмгеги түрк тилинде жазылган эң алгачкы дидактикалык, адеп-ахлактык жана философиялык дастан болуп эсептелет. Бул туурасында Жусуп Баласагын өзү да дастандын кириш бөлүмүндө:
«Китепти окуй турган окурманым,
Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың.
Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде» - деп баса көрсөткөн. Чыгармада Енисей-Орхон руник жазууларында кездешкен эски түркчө сөздөр байма-бай учурайт.
Жусуп Баласагын бул эмгегинде билимди баарынан жогору коюп, ал аны менен баардык адамдык касиеттерди байланыштырган. Ал окумуштууларга жана мугалимдерге сый мамиле кылууга чакырып, так илимдерди: астрономияны, математиканы ж.б. окуп үйрөнүүнүн зарылдыгын баса белгилеген.
Азыркы учурда «Кутадгу билиг» поэмасынын үч нускасы бар. Бир нускасы Вена шаарында, экинчиси Каирде сакталып турат. Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелет. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган. Венада сакталган нуска уйгур тамгасы менен жазылган. Намангандан табылган нусканы 1918-жылы Зеки Велиди Тоган, Мухаммед Хожа эшен Лоляршиттин өздүк китепканасынан тапкан. Кол жазма жоголуп кетип, 1925-жылы өзбек окумуштуусу Фитрат кайрадан тапкан. «Кутадгу билиг» батышта Г. Вамбери тарабынан алгач ирет Венада жарык көрүп, аны кийинчерээк академик В. В. Радлов 1900-жылы 1-томун, ал эми 1910-жылы 2-томун немец тилине которгон. Кыргызстанда болсо Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанына көңүл буруу иши 1965-жылы башталып, андан бери бир катар илимий эмгектер жарык көрдү. Бул иште Т.Сыдыкбеков, К.Артыкбаев, Ө.Караев, Ж. Шериев, С. Мусаев, А. Акматалиев ж.б. окумуштуулар салым кошушту. Кыргыз окурмандар Жусуп Баласагындын «Кут алчуу билим» чыгармасын Т. Козубеков, З. Эралиев жана С. Сыдыковдын котормолорунан окуп келишүүдө.
Автор «Кутадгу билигде» ошол доордогу адеп-ахлак нормаларын, идеяларды тарых, маданият жана дин менен салыштырып өзүнүн ой-толгоолорун билдирген. Чыгарманын этикалык мазмунун негизги төрт түшүнүк: адилеттик, дөөлөт, акыл-эс жана каниеттик түзөт. Бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Күнтууду-адилеттүүлүктүн, Айтолду- дөөлөттүн, Акдилмиш- акылдын, Өткүрмүш- ынсаптуулуктун символу.
«Кутадгу билиг» дастаны Курандын, шариаттын, Мухаммад Алейхи саламдын хадистеринин терең таасиринде жазылган чыгарма болуп саналат. Ошондуктан бул дастан Ислам дининин негизги гуманисттик идеяларын, адеп-ахлактык, ыймандык сабактарын өзгөчө таасын чагылдырган. Жусуп акылман адамдын касиеттеринен жөнөкөйлүктү жана кичипейилдикти өзгөчө баалаган. Чыгармасында бул тууралуу омоктуу ойлорун айтып кеткен.
Бул дастандын берейин деген эң негизги идеясы мамлекет менен калк арасындагы мамиленин, ортодогу тең салмактуулуктун сакталышы. Мамлекеттин башындагы адам элдин жыргалчылыгын арттырууда жан дили, ак ниети менен эл үчүн үзүрлүү эмгектенип, уюштургуч, чынчыл, акылдуу, билимдүү, ыймандуу, адилет, калыс, ынсаптуу болууга тийиш. Ошону менен эле катар карапайым калк да бийлик башындагы адамдарды урматтоо менен өздөрүнүн ишин, кесиптерин мыкты билген, элге кызмат кылган адилет, ынсаптуу, чынчыл, ыймандуу, калыс болушу зарыл. Мамлекетти башкаруучулар менен элдин мамилеси жылуу, ишеничтүү, калыс болгон учурда мамлекет оңолуп, элдин турмушу жакшыраары айныгыс чындык болуп саналат. Мына ушул даанышмандык ой, асыл идея «Кутадгу билиг» дастанында толук түрдө жүзөгө ашкан жана жогорку көркөмдүктө сүрөттөлгөн. Биз да бүгүнкү программабызды Баласагындын бийлик башындагылар үчүн жазган ыр саптары менен аяктамакчыбыз.
Эл үчүн эң татыктуу беги керек,
Көңүлү, тили- түз, кылыгы айкөл керек.
Билимдүү, окуган, элине карамдуу,
Дили да, көзү ток, көңүлү жарамдуу.
Бардык изги ишке болсо экен колу узун,
Уяттуу, сылык да, мүнөзү түзүк.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков Гүлдана Мурзакулова.

Адабияттар
Абдразаков Абдыкерим, « », (Кыргыз адабиятынын тарыхый өнүгүш маселелери деген китептеги бөлүм), http://e.university.kg/books/abdyrazakov/ch02s05.html Жүктөө датасы: 21.02.2014.
Козубеков Т. Жусуп Баласагын. http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/kpa1/4bap/section4.html Жүктөө датасы: 01.04.2014.
Мекендешибиз Жусуп Баласагын ким болгон? Ак Башат журналы. 7-сан. Бишкек http://www.akbashat.kg/7-6.php Жүктөө датасы: 01.04.2014.
Токтомаматов Н., Джаманкулов Ж., Жусуп Баласагын: Наука Управления Государством. Бишкек 2011.
Турдубаева Н. Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастаны жана анын түрк тилдериндеги котормолору. Кандидаттык диссертация. Бишкек 2001.
Чоротегин Тынчтыкбек, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари (Барскани) Карахандардын мамлекеттик башкаруусу тууралуу. «Кыргыз элинин фольклорундагы жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелеринин чагылдырылышы» Бишкек 2013. http://barakelde.org/muras/news:981 Жүктөө датасы: 01.04.2014.



Тектеш кабарлар