АКШнын колдоосунда Рефахта жасалган кыргын

Апталык анализ - 22.2024

2147376
АКШнын колдоосунда Рефахта жасалган кыргын

   Израиль армиясы газалыктардын акыркы баш калкалоочу жери болгон Рефахты бутага алып, аймактан бири биринин артынан кыргын кабарлары келе баштады. Акыркы эки күндө чатыр шаарлардын бомбаланышынын натыйжасында 100дөн ашуун киши каза болуп, булардын  басымдуу көпчүлүгү аялдар жана балдар. Бул кыргындар Эл аралык адилет сотунун Рефахка байланыштуу убактылуу чечим чыгарып, Израилди тез арада операцияларды токтотууга чакыргандан кийин ишке ашты. Израиль бүткүл дүйнөгө, чындыгында бүткүл адамзатка каршы чыгууну улантууда.

Сетанын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун  тема тууралуу баа берүүсү.

  Рефах Газада жашаган жана Израиль армиясынын бутасы болгон жарандардын акыркы баш калкалоочу жери болгон аймак. Египеттин чек арасындагы бул  тар аянтта бир жарым миллион газалык баш калкалаган. Бирок Израиль армиясы дүйнөдөн келген каршы чыгуулар жана чакырууларга карабастан Рефахта да операцияларды баштады жана Чыгыш  -  Батыш огу боюнча аймакты басып алуу үчүн кыймылга өттү. Израилдин негизги максаты бул аймакты жашоого жараксыз абалга келтирүү жана палестиналыктардын акыркы үмүтүн түгөтүү жана Филадельфия коридорун, башкача айтканда  Газа - Египет чек ара сызыгын көзөмөлгө алуу менен толук жана абсолюттук блокада орнотуу. Акырында газалыктар аз сандагы туннелдер аркылуу Рефахка азык - түлүк жана керектүү нерселерди жеткиришти.

Нетаньяхунун согуш кабинети ашыкча  радикал сионисттик элементтерден турат жана Газаны жок кылууну каалайт. Албетте, Рефах да бул максаттын бир бөлүгү. Ушунун негизинде  акыркы күндөрдө бул аймакка кол салуулардын күчөй баштаганын көрүүгө болот.

Бир тараптан акырындап кургактыктан алдыга жылып, бир жактан да  чатыр лагерлер абадан бомбаланууда.  Жаңы кыргындар менен коркууну жайылтып, газалыктардын каршы чыгуусуна тоскоол болуу кааланууда. Бул кол салуулар Эл аралык соттун Израилге каршы убактылуу тыюу салуу чечимдери жана Рефахка каршы аскердик операцияларды дароо токтотуу чечиминен кийин болуп жатат. Израиль бул жагынан дүйнөгө жана эл аралык укукка каршы чыгууда.

Бул мамиленин артында албетте АКШнын колдоосу бар. АКШны  бардык  тарабы менен таасири астына алган сионист топ АКШнын чечим чыгаруу механизмдеринде түздөн түз белгилөөчү ролду ойноп жатат.  Эмне болсо да АКШнын жанында болорун билет. Байден башкаруусу  жакындап келе жаткан шайлоого байланыштуу санааркоосунан улам Нетаньяхуну чектөөнү кааласа да АКШда ушул кезге чейин Нетаньяхуну колдогон позициялар  дагы күчтүү көрүнүүдө. Медиадан финансы секторуна, коргонуу өнөр жайынан, академияга чейин бир нече стратегиялык тармакта сионисттик топ  негизги күч башкаруучу. Бул таасирдин күчү Газада болгон окуяларда өзүн бир топ айкын көрсөттү. АКШ өзү курган эл аралык системанын кыйрашы жана иштебей калуусуна карабастан Израилди колдоп, акыры Газадагы геноцидге өнөктөш болду.

Социалдык  жана конвенциялык медиа

  Жогоруда айтылган чындыктан тышкары, батыш дүйнөсүндөгүдөй эле АКШда да өзгөрүү бар экенин көрүү керек. Өзгөчө сионисттер тарабынан көзөмөлдөнгөн жана карапайым америкалыктардын психикалык дүйнөсүн калыптандыруучу кадимки медианын ордуна, альтернативалуу социалдык медианын көрүнүшү жана жаштардын чындыкка жетүү үчүн альтернативалуу каналдарга ээ болушу жаңы эффект жаратууда. Дүйнөлүк абийирдин үнү болгон жаш муундар АКШда өсүп баратат. АКШдагы университеттердин нааразычылык акциялары мунун кичинекей эле көрүнүшү. Сионисттердин өздөрүнүн «реалдуулугуна» негизделген жалган түшүнүктү жаратуу жөндөмдүүлүгү бара - бара алсырап баратат. Бүгүнкү күндө чындыктын үнү мурункуга караганда дагы көп угулууда.  Израиль Газада тео-саясий адашуулар менен геноцид кылып, бул чындыкка кыжырданган жаңы муундар келип жатат. Бара-бара бул жагдай саясий чечимдерди кабыл алуу механизмдерине чагылдырылат. Норвегия, Испания жана Ирландия сыяктуу өлкөлөрдүн Палестинаны мамлекет катары таануу чечими тенденцияны көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар