Израиль  -  Хизбуллах чыңалуусу

Апталык анализ 27.2024

2159427
Израиль  -  Хизбуллах чыңалуусу

    Израиль  -  Хизбуллах кагылышуусу Жакынкы Чыгышты дагы бир жолу толук масштабдуу согуштун босогосуна алып келди. Палестина  - Израиль кагылышуусу кайрадан күч алган 2023 -  жылдын октябрь айынан бери Израиль менен Ливандын ортосундагы чек ара аскердик кагылышуулардын чордонуна айланды. Хизбуллах Израилдин Газадагы согушуна Израль аскердик позицияларына карата кол салууларын күчөтүү менен жооп кайтарды. Буга жооп  Израилдин Түштүк Ливандагы Хизбуллах инфраструкктурасын бутага алган маанилүү артиллериялык жана абадан кол салуулары болду. Жыйынтык катары Израиль жана Ливандан жүз миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Иран фактору  

  Ыктымалдуу кагылышуулардагы биринчи жана эң маанилүү стратегиялык фактор -  Ирандын Израилдин Хизубллахка каршы согушуна карата мамилеси. Ирандын Хизбуллахка карата мамилеси Хамаска караганда айырмаланып турат. Израиль менен Хизбуллахтын ортосундагы ар кандай тирешүү Иран менен Израилдин аскердик жактан күчөшүнө кеңири таасир этет. Иран акыркы жылдарда Хизбуллахка  каржылык колдоо, заманбап курал-жарак жана машыктыруу менен аскердик потенциалын бир топ жогорулатты. Иран Хизбуллахка  Жакынкы Чыгыштагы «Каршылык көрсөтүү огун» маанилүү компоненти катары карап жатат.

Ирандын Хизбуллахка карата колдоосу Тегерандын аймактагы АКШ жана Израилдин таасирине каршы тең салмактуулук элементи катары  аймактык актер болуу менен позициясын да бекемдеп жатат. Иран ичинен өткөн  процесс жана ыктымалдуу бир согушта Хизбуллахтын алсыздоо коркуусу, Тегеранды Израилге каршы дагы катуу мамиле кылууга багытташы мүмкүн.

Хизбуллахтын аскердик  потенциалы

Израилдин аскердик  потенциалы Израиль көңүл бурушу керек болгон башка бир фактор. Хизбуллах Сирия жарандык согушуна кошулгандан кийин аскердик потенциалын маанилүү өлчөмдө арттырды. Бул кошулуу Хизбуллахка согуш аянтындагы тажрыйбасы жана өнүккөн куралдарды берүү менен аны аймакта күчтүү актерго айландырды.

Хизбуллах Сирия кагылышуусу учурунда жана андан кийин ок  - дары кампасын маанилүү өлчөмдө жаңыртты. Уюмдун көбүнчө Ирандан келген өнүккөн курал - жарактарга ээ болушу анын чабуул жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырды. Хизбуллахтын кыска аралыктуу, орто аралыктуу жана узун аралыкка атуучу  системаларга ээ экендиги  да болжолдолууда. Хизуллахтын  арсеналында өнүккөн зениттик системалар менен танкка каршы башкарылуучу ракеталар (ATGM) да бар. Уюм  портативдик абадан коргонуу системаларын (MANPAD) жана Корнет сыяктуу өнүккөн  танкка каршы башкарылуучу системаларды (ATGM) алуу менен Израилдин бронетехникаларына жана учактарына каршы туруу жөндөмүн жакшыртты. Андан да маанилүүсү Хизбуллах  чалгындоо жана кол салуу үчүн колдонулган түрдүү учкучсуз учуучу аппараттар менен күчтүү бир дрон жөндөмдүүлүгүн иштеп чыкты. Дрондун жөндөмдүүлүгү жергиликтүү өндүрүлгөн жана Иран тарабынан жеткирилген байкоо жүргүзүүгө жана сокку урууга жөндөмдүү моделдерди камтыйт.

Хизбуллахтын аскердик  жөндөмдүүлүгү 7 - октябрдан бери Ирандын Хизбуллахка  берген  аскердик колдоосу менен күчөгөнүн да карап чыгуу керек. Медиада орун алган кабарларга караганда,  Ирандын кыска аралыкка атуучу  “Фатех-110” баллистикалык ракеталары (SRBMs) жана Сириядагы эквиваленти М-600 “Фалак” ракеталары, Россиянын  Корнет танкка каршы башкарылуучу системалары (ATGM) жана жаңы иштелип чыккан “Буркан” ракеталык ок-дарылары менен бирге Хизбуллахка  жиберилди.

Хизбуллах  согуштук тактикалар жактан салттуу аскердик операцияларды партизандык согшу жана ыраатсыз тактикалар менен бириктирген гибриддик согуштук тактикаларды чыгарды. Бул мамиле уюмдун Израиль сыяктуу салтуу армиялардын алсыздыктарынан пайдалануусуна  жана көпкө созулган кагылышууларды улантуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Аймактык, эл аралык динамикалар

  Израилдин Хизбуллахка каршы согушу аймактык кагылышууну  курчутуп, Израилге жана союздаштарына көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүн. Ушул себептен  Израиль – Хизбуллах кагылышуусунун уландысы ар кандай жолдор менен ортого чыгышы мүмкүн, алардын ар бири олуттуу геосаясий кесепеттерге алып келип,  аймактагы башаламан мезгилдин эшигин ачат.  Оболу кагылышуу толук согушка айлана турган болсо, Ливандын кыйратуучу жыйынтыктарды жана дагы көп экономикалык, саясий туруксуздукту башынан өткөрүү ыктымалы бар.  Ирандын кийлигишүүсү өзгөчө Реисиден кийинки мезгилде Иран саясатындагы белгисиздиктерге көңүл бурулганда кенен аймактык кагылышууларга жол ачышы мүмкүн. Сирия жана Ирак сыяктуу  алсыз болгон өлкөлөр дагы чоң хаос менен бетме  - бет келет.

Жер Ортолук деңиздеги туруктуулук да коркунуч астында. Хизбуллахтын лидери Хасан Насраллах : «Душман Жер Ортолук деңизде өзүн күтүп жаткан нерсенин абдан маанилүү экендигин билет»,- деди. Насраллах Кипр рум бөлүгүнүн өкмөтү, душмандын Ливанды бутага алышы үчүн аэропортторун жана базаларын ачуусу согуштун бир бөлүгү болот деген мааниге келгендиги тууралуу эскертилиши керек»,- деди. Кипр аралынын мааниси тышкы иштер министри Хакан Фидандын Израилдин аралдагы аскердик жана чалгындоо иштерин сынга алышынан улам  Түркия үчүн да чоң бир коопсуздук тынчсыздануусу. Ушул себептен Израилдин Хизбуллахка каршы согушу аймактагы өлкөлөр үчүн тынчсыздануунун булагы болот жана Европа Биримдиги да кагылышуунун бир бөлүгү болот.

Экинчиден Хизбуллахка каршы согуш Хизбуллахтын аскердик дарамети менен аймактагы деңиз коопсуздугун алсыратат. Хуситтердин 2023 - жылдын октябрынан бери деңиз коопсуздугун кантип туруксуздаштыргандыгын эске алганда  Хизбуллахтын Жер Ортолук деңизин туруксуздаштыруу үчүн чоң  потенциалы бар. Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергетика геосаясатынын динамикаларына көңүл бурулганда Хизбуллахка толук масштабдуу кол салуусу жаңы чыңалууларды алып келет жана энергия булактарына, өзгөчө энергетика базарларына терс таасирин тийгизет.

Израиль  - Хизбуллах  согушунун дагы бир чыгымы – эл аралык системанын эрежеге негизделген түзүлүшүнүн толук кыйроо ыктымалдыгы. Израилдин Газадагы геноциддик согушу келтирген кыйроону эске алганда, жаңы согуш эл аралык башкаруу механизмдеринин толук иштебей калганын тастыктайт. Бул башка агрессор мамлекеттерге үлгү болуп, кеңири масштабдагы чыр - чатакка жол ачышы мүмкүн.

Түркия 2023 -  жылы октябрь айынан бери көптөгөн жолу белгилегендей Израилдин Газага карата согушу токтотулбаса аймакта чоң жана кенен түрдө согуш чыгат.

Израиль Газада кылган геноциди жана ичинен чыга албаган кризистен улам бардык аймактын туруктуулугун коркунучка салган актерго айланды. Батыштык актерлордун өзгөчө Байден башкаруусунун бул коркунучту көрбөстүккө салышы алдына алууга абдан кыйын боло турган кенен масштабдуу кагылышуулардын чыгышына жол ачат. Израилди токтотуунун бир гана жолу аны рационалдуу мамлекет жоопкерчилигинин негизине кайра алып келүү жана Газада кылган кыймылдарынан улам жоопко тартуу.



Тектеш кабарлар