Израиль  -  Хизбуллах согушу жакындап жатат

Апталык анализ - 26.2024

2157265
Израиль  -  Хизбуллах согушу жакындап жатат

   7 -  октябрда Газада башталган кагылышуулардан бери Израиль менен Хизбуллахтын арасында да кагылышуулар болгонуна карабастан Газадан айырмаланып көзөмөлгө алынган кагылышуу динамикасы үстөмдүк кылууда. Бирок акыркы жумаларда  түндүк линиясында да абалдын барган сайын күчөп бара жаткандыгы, толук өлчөмдүү согуш коркунучунун күн өткөн сайын дагы да белгилүү боло баштагандыгы  байкалууда. Израилдик жетекчилердин жана Хизбуллах лидерлеринин  билдирүүлөрү, мамилелери да бул абалды курчутууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикирин угуңуздар.  

Хамастын 7 - октябрда Израилге каршы баштаган күтүүсүз аскердик операциясы жана андан кийин Израилдин геноцидге барган  Газа оккупациясы бардык көңүлдөрдү Хизбуллахка бурду. Ливандын түштүгүн де  - факто катары көзөмөлгө алган шиит саясий жана аскердик күч болгон Хизбуллах Ирандын каршылык огуна кирген бир түзүм. Буга чейин да көптөгөн жолу Израиль менен кагылышууга кирген Хизбуллах акыркы жолу   2006 -  жылы Израиль менен чоң бир кагылышууга кирип, Израилдин олуттуу жоготууга учуроосунда ийгиликтүү болгон. Хизбуллах бир канча убакыт мурда Израилдин Хайфа шаарында стратегиялык жерлерди тартып алган видео жарыялады. Чалгындоо учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуу менен аба мейкиндигинде радарларга кармалбастан алынган бул көрүнүштөр негизинен Хизбуллахтын Израилдин баалуу буталарын жок кыла аларына байланыштуу күч көрсөтүү эле.

Негизинен Хизбуллахтын Израилге каршы катаал риторикасы жана Газадагы ыктымалдуу бир кургактык кол салуусуна каршы Израилге согуш ачарын билдириши буга чейин да күтүүлөрүн жогорулаткан бирок Хизбуллах көзөмөлгө алуу менен Израилди бутага алууну тандаган, ошондуктан түндүк фронтунда кээ кээде эскалациялар болуп турса да, толук масштабдуу кагылышуу болгон эмес. Ошентсе да Израилди жоготууга учураткан аймактан 100 миңден ашуун израилдиктин лагерлерге көчүрүлүшүн керек кылганчалык өлчөмдө кагылышуулар болуп жаткан. Акыркы мезгилде Хизбуллахтын кол салууларынын дагы күчтүү жана татаал курал системалары менен жасала баштагандыгын байкадык. Балким азыр «Каршылык көрсөтүү огу» жана Хизбуллах үчүн эң ылайыктуу учур болуш керек.

  Түндүк фронтто бир нерселерди аткаруусу үчүн Нетаньяхуга да кысым жасалууда. Хизбуллахты баш тарттыра турган, абадан жасалган катуу бомбалоо менен бирге Хизбуллахты Литани дарыясынын түндүгүнө чейин алып бара турган кургактык кыймылы максат кылынган болушу керек. Израилдин түндүк фронтундагы максаты Хизбуллахтын Литани дарыясынын түндүгүнө карай чегинишине мүмкүнчүлүк түзүү. Израиль армиясы бул жерде  буфердик аймакты түзүүнү каалап жатат бирок Хизбуллахтын ассиметриялык бир күч катары көптөгөн жылдар ушундай согушка даярдангандыгы, колунда он миңдеген ракета жана камикадзе системасынын бар экендигин унутпоо керек. Израилдин Газада азыр да Хамас каршы чыгуусун жок кыла албаган бир теңдемеде түндүктө да ийгиликтүү боло аларын ойлоо оптимисттик болот.

АКШ эки тараптуу мамиледе. Бир тараптан Израилге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантса, бир тараптан да жайылуу ыктымалы абдан чоң болгон Израиль - Хизбуллах согушун кааланбайт жана тараптар бул маселени алдын алууга аракет кылууда. Бирок, АКШнын ичиндеги сионисттик күч борборлору Ак үйдүн Нетаньяхуга чындап таасир этишине тоскоол болуп жатат деп айтууга болот. Ошондуктан, эгерде толук масштабдуу согуш боло турган болсо, анда аны токтотууга АКШнын эрки жетет деп айтууга болбойт.

 



Тектеш кабарлар