Түркия  ПККнын шайлоо театрын жок кылды

Апталык анализ - 24.2024

2153179
Түркия  ПККнын шайлоо театрын жок кылды

    АКШнын көзөмөлү астында Сирияда басып алган жерлерде жргиликтүү шайлоо өткөрүүнү пландаган террордук уюм ПКК/ЙПГ Түркиянын катуу каршы чыгышынан кийин  шайлоону кечеңдетүүгө мажбур болду. Буга чейин  11 -  июнда жарыялаган жергиликтүү шайлоонун  18 -  августка жылдырылыгандыгы билдирилди. Террордук уюм  Ракка, Дейризор, Халеп жана Хасеке, Камышлы, Айнул  Арап, Манбиж жана Африн  -  Ел  -  Шехба менен Табка аймактарын камтый турган шайлоо менен мыйзамдуу негиз даярдап эл аралык таанылууну көздөп жатат.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тема тууралуу баа берүүсү.

  ПККнын Сириядагы  уландысы болгон ПЙД/ЙПГ азыркы учурда өлкөнүн түндүк жана чыгыш аймактарында болжол менен  50 миң чарчы километр аянтты көзөмөлдөп жатат. Уюм бул жерлерде түшүмдүү дыйканчылык аянттарды жана суу жолдору менен бирдикте өзгөчө энергетика булактары аркылуу үстөмдүктү курду. Террордук уюм  2014 -  жылдан тарта ДЕАШ менен күрөшүү  деген көрүнүштүн астында АКШ тарабынан колдоого алынууда. Азыркы учурда миңге жакын АКШ аскери менен көп сандаган жалданма аскерлер ПККны коргоп жатат. Уюм болсо учурда миңге жакын АКШ аскери менен көп сандаган атайын уюм болсо кадам сайын саясатташып  өзүн эл аралык мыйзамдуу актёр жана автономдуу түзүм катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул үчүн акыркы жолу жергиликтүү шайлоо картасын колдонуу аракетине кирди. Уюмдун мыйзам чыгаруу органы болгон Сирия демократиялык кеңеши апрель айында жаңы бир шайлоо мыйзамын  бекитип Жогорку Шайлоо Комиссарлыгын түздү. Андан кийин  жергиликтүү шайлоо үчүн оболу  30 – май күнү белгиленди, андан кийин дагы бир кечеңдетүү менен 11 -  июнь деп жаңыланды. Уюмдун планына караганда  6 чоң шаар, 40 шаар жана 105 аймакта үкөктөр курулат. Шайлоого айрымдары араларында союздаштык курган  30 саясий партия катышат. Бул аймактар Жезире, Дейризор, Ракка, Эвфрат, Манбиж, Африн  -  Шехба жана Табка сыяктуу аянттарды камтыган.

Бирок эч бир демократиялык мыйзамдуулугу болбостон жана ПКК куралдын күчү менен өткөрүүнү каалаган шайлоодо Сирия оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөрдүн улуттук коалициясы сыяктуу оппозициячыл күрт топтор бойкот кылуу чечимин чыгарып, араб уруулары да билдирүүлөрдү жарыялап бул шайлоону тааныбай тургандарын жарыялашты. Демографиялык жактан ПККнын көзөмөлүндө болгон аймактардын 80 пайызы араптардан турат, бир бөлүгүндө да түркмөндөр жашайт. Күрттөр бир гана бөлүгүн түзсө, алардын көпчүлүк бөлүгү да ПККга олуттуу мааниде оппозиция.

Түркиянын каршы аракети 

   Ак үй улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка координатору Бретт Макгурк менен АКШ борбордук күчтөр командирлигинин  (CENTCOM) колдоосу астында  жүргүзүлгөн ПКК долбооруна каршы Түркия ишке ашырган чек ара тышы аскердик операциялары бул түзүмдүн бир мамлекетке айланышына тоскоол болсо да Түркия үчүн күрөш улантылууда. Түркия шайлоо театры деп аталган нерсеге  абдан катаал позицияда туруп,  АКШнын колдоосунда  позициясын ачык билдиргенден кийин АКШнын кыймылы менен ПККнын артка кадам таштап жана шайлоону дагы бир жолу кечеңдеткендиги байкалууда.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы  30 -  майда өткөргөн пресс  - жыйынында Сирияда боло турган ар бир шайлоонун 2254 номердүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминде белгиленгендей адилеттүү, эркин, так жана кенен камтуучу болушу керектигин, Сириянын түндүк чыгышындагы абалдын шайлоонун ушул боюнча өткөрүлүшүнө ылайыктуу эмес экендигин жана бул жагдайдын аймактагы түрдүү актерлор менен бөлүшлгөндүгүн белгиледи. Андан кийин да кечеңдетүү чечими келди.

 Президент Эрдоган 30 -  майда ЕФЕС  - 2024  машыгуусунда берген билдирүүсүндө : «Террордук уюмдун референдум шылтоосу менен өлкөбүздүн жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнө каршы агрессивдүү аракеттерин жакындан байкап жатабыз. Түркия түштүк чек араларыбыздын тышында Сириянын жана Ирактын түндүгүндө террордук уюмдун террористан курушуна уруксат бербейт. Буга чейин эмне жасалышы керек болсо, эмнелер аткарыла турган болсо аткардык, дагы ошондой абал менен беттеше турган болсок аракетке өтүүдөн тартынбайбыз»,- деп тараптарга так билдирүү берген.

Террордук уюмдун улутташуу кыялы 

   Бир канча убакыт мурда ПКК/ЙПГ тарабынан жарыяланган жаңы коомдук келишим (конституция) менен Түндүк жана Чыгыш Сирия автоном башкаруусунун аты «Түндүк жана Чыгыш Сирия демократиялык автономдуу башкаруусу» деп өзгөртүлгөн. Жаңы коомдук келишимдин жарыяланышы менен бирге Сирия демократиялык кеңешинин (СДК) АКШдагы өкүлчүлүгү АКШдагы мыйзамдуу жана лоббилик компаниясы «Brownstein Hyatt Farber Schreck» менен келишим түздү. Келишимдин биринчи беренеси «Түндүк жана Чыгыш Сирия демократиялык автономиялуу башкаруусунун АКШ тарабынан расмий түрдө таанылышы. Уюм бир тараптан  конституциянын жарыяланышы менен Сирияда курган мамлекетке конституциялык негиз даярдап, бир тараптан да эл аралык тармакта АКШ аркылуу таанылуу мүмкүнчүлүгүнүн артында. Өзгөчө уюм бул эки түзүм менен эле канааттанып калбастан таанылуу жана легитмдүүлүгүн алуу үчүн шайлоо жолуна барууда. Бирок Түркия бул аракеттерди түшүнүү менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо жана өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чечкиндүү позициясын улантып, саясий  жана аскердик  каражаттар менен кийлигишүү тууралуу бекем эркти ортого салууда.



Тектеш кабарлар