Израилдин мыйзамдуулугу жоголду

Апталык анализ - 23,2024

2150342
Израилдин мыйзамдуулугу жоголду

  Израилдин Газага карата кол салуулары үзгүлтүксүз улантылып, Нетаньяху башкаруусу тарыхында болбогон бир изоляция мезгилине кирүүдө. Байден башкаруусу жана бир канча Европа мамлекетинин тышында Израилдин геноцид саясаттарына ачык колдоо көрсөткөн өлкө калган жок. Израиль глобалдык жана аймактык өлчөмдө  жалгыз калып баратат жана бул абал Израилди коопсуз абалга алып келбейт. 7 - октябрдан кийин 70 пайызы  аялдар жана балдар болгон 40 миңден ашуун кишини өлтүргөн Израиль себеп болгон жыйынтыктар менен беттешүүгө  мажбур боло турган жаңы бир процесске кирүүдө. Бул беттешүү процесси бир гана Израиль мамлекети үчүн эле эмес, еврей коомчулугу үчүн да терең бир коопсуздук кризисти белгилеп жатат. Эгерде Нетаньяху өкмөтү Газада жапайычылыгын уланта турган болсо Израилдин коопсуздук кризисинин оңдолушу мүмкүн эмес абалга келет жана Израиль мамлекетинин бар болушуна байланыштуу маанилүү маселе ортого чыгат.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

 7 - октябрдан кийин Израилдин мыйзамдуулук негизи толугу менен жок болду. Израиль бир гана оккупациялык мамлекет эле эмес, эл аралык сотто геноцидге шектүү катары соттолуп жаткан, лидерлери Эл аралык кылмыш соту тарабынан камакка алынууга буйрутма берилген, эл аралык уюмдарда изоляцияланган мамлекет. Бул жалгыздык жана обочолонуу  эки маанилүү натыйжаны берет. Мыйзамдуулуктун жоголушу жана коопсуздук кризисинин тереңдеши.

Израилдин коопсуздук кризисин тереңдеткен жана муну бир бар болуу маселесине айландырган биринчи маселе Нетаньяху башкаруусунун Газада жашаган палестиналыктарга каршы ырайымсыз кыймылдары. Бул абалы менен Израиль Газада согуш жүргүзүүдө. Ал түгүл дагы да  тереңдегенде Израилдин Газада  7 -  октябрдан бери кылгандарын согуш катары аныктоо мүмкүн эмес. Акыйкаттан да Израиль армиясынын бутасында көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган жарандар бар. Метод катары колдонгон бардык каражаттар өзүн коргоо укугунун чектерин ашты, аң  - сезимдүү түрдө белгилүү бир этникалык жана диний коомчулукту пландуу түрдө жок кылуу максатына кызмат кылууда. Акырында Израиль «коопсуз аймак» деген Рефахта жарандар колдонгон убактылуу баш калкалоочу аянтты бутага алышы толугу менен эл аралык мыйзам жактан алып караганда атайылап жана каалоо менен жасалган бир кыймыл. 7 -  октябрдан бери Израиль жүргүзгөн аскердик операциянын негизинде Израиль өкмөтү согуштук кылмыш, геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарга кире турган бир топ кыймылды ишке ашырды.

Бул аракеттерден улам Израилдин эл аралык укук фронтундагы мыйзамдуулугу терең кризиске туш болду. Түштүк Африканын Эл аралык сотуна коюлган геноцид ишинин контекстиндеги айыптоолор Израилди геноциддик өлкө абалына алып келди. Соттун чыгара турган чечиминен көз карандысыз түрдө Израилдин Газа геноциди өзүнүн тарыхый фантастикалары аркылуу курган мамлекеттик иденттүүлүгүнүн глобалдуу баянын бузду. Эл аралык соттун геноцид доосуна кошумча катары Эл аралык кылмыш сотунун израилдик  жетекчилер тууралуу камоо жана соттоо чечиминдеги талаш  - тартыштар да Израилдин эл аралык укук фронтунда туш болгон дагы бир кыйынчылыгы. Бул чечим менен бирге Израиль БУУнун негизинде жана БУУнун тышында эки сот процессинин бир бөлүгү болуп эл аралык укуктун негизиндеги мыйзамдуулук кризиси тереңдеди.

Израилдин мыйзамдуулук кризиси анын аракеттеринен улам эл аралык укукка ылайык мыйзамсыз геноциддик режим деген айыптоо менен гана чектелбейт.

  Дүйнөлүк жана аймактык масштабда Израиль дипломатиялык жактан изоляцияланган мамлекетке айланды. 7-октябрга чейин Ибрахим келишими менен аймактык изоляциядан чыгууга аракет кылса да  7-октябрдан кийин аймактык нормалдашуу аяктап, Израиль кайрадан дипломатиялык изоляцияга кабылды. Бул мезгилде көптөгөн мамлекеттер Израиль менен болгон мамилесин кайра карап чыгып, Палестинаны жана эки мамлекеттүү чечимди колдой башташты.

Палестина мамлекетинин Испания, Ирландия жана Норвегия тарабынан расмий түрдө таанылышы Израилдин дипломатиялык майданда жеңилгендигинин ачык көрсөткүчтөрүнүн бири.

Ушундайча  Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн саны 142ге жетти.

Дипломатиялык фронтто Израилдин жалгыздыгынын дагы бир багыты эл аралык уюмдардын өлчөмү болуп саналат. Израиль иш-аракеттери көптөгөн эл аралык уюмдар, өзгөчө БУУ тарабынан сынга алынган мамлекетке айланды.

Бул жагынан алганда, БУУнун Башкы ассамблеясынын Палестинанын байкоочу статусун өзгөрткөн жаңы резолюциясынын кабыл алынышы Израилдин саясаттарына каршы жасалган революциялык кадам болуп саналат. Резолюция Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алына элек болсо да, символдук мааниде  Израилдин Газада жүргүзгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында ортого чыкты. Бир топ аймактык уюм да Израилдин Газада кылган согуштук кылмыштарын жана геноциддерин күн тартибине алып келди жана Израиль мамлекетине карата катуу билдирүүлөрдү жарыялашты. Эл аралык укук фронтунда, эл аралык саясат майданында дипломатиялык жактан мыйзамдуулугун жоготкон Израиль  глобалдык адамзаттын абийириндеги мыйзамдуулугун да толугу менен жоготту.

  Башта Америка болгон башка Европанын борбор шаарларында жана дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө Израиль Газада жүргүзгөн геноцидден улам каршылык  көрсөтүлүп Израилге колдоо көрсөткөн бир топ фирма да бойкот кылынууда. Американын университеттериндеги кош стандарттар либертарлык чөйрөнү Израилдин пайдасына чектөөгө аракет кылса да АКШнын Израилди колдоосу буга чейин айыпталган. Демонстрациялардын бул толкуну акыркы 20 жылда көргөн кенен масштабдуу нааразычылык акциялары жактан абдан маанилүү.  

Жыйынтык катары Израилдин терең бир мыйзамдуулук кризисинин ичинде экендиги байкалууда. Бул кризис  укуктук өлчөмдө да, эл аралык дипломатияда да, глобалдык адамдык абийир өлчөмүндө да болуп жатат. Израилдин бул мыйзамдуулугуна кайра ээ болушу кыйын бирок Газада жүргүзгөн геноцид саясаттары адамзаттын эсинен эч качан өчпөйт.



Тектеш кабарлар