Кыргыз радио бирикмеси “Эл аралык Айтматов ааламы” аттуу радиофестивалын өткөрүүдө

Иш-чара 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүүдө

866752
Кыргыз радио бирикмеси “Эл аралык Айтматов ааламы” аттуу радиофестивалын өткөрүүдө

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Кыргыз радио бирикмеси залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун алдыда келе жаткан 90 жылдыгына арналып, “Эл аралык Айтматов ааламы” деп аталган радиофестиваль өтүүдө. 

Ага дүйнөнүн 18 өлкөсү катышып, Россия, Афганистан, Кытай өңдүү ири мамлекеттерде Айтматовдун чыгармалары таңкы саат 8ден түнкү он экиге чейин ободо жаңырат. 

КТРКнын радио бирикмесинин үч радиосунда Айтматов тууралуу уктуруулар, чыгармалары менен өмүр баяны баяндалууда. Иш-чара 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүүдө.

КТРК



Тектеш кабарлар