Кыргызстанда бүгүн "Манас" эпосунун күнү
“Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу
860957
![Кыргызстанда бүгүн "Манас" эпосунун күнү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d42b/27a2/922a/56d45ca87e374.jpg?time=1719201345)
Бул майрам 2015-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Башкы максаты - "Манас" эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада "Манас таанууну" өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.
“Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма - 500 миң 553 ыр сабынан турат. Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралган.
Алар: "Манас", "Семетей" жана "Сейтек".
КТРК