Түркиянын Кытай менен карым  - катнашы

Апталык анализ - 25.2024

2154751
Түркиянын Кытай менен карым  - катнашы

    Тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кытайга жасаган акыркы сапары Евразиянын өзгөргөн стартегиялык чөйрөсүндө түрк тышкы саясатынын эвалюциясында маанилүү этап болду. Түркия стратегиялык өнөктөштүктөрүн тең салмактоону жана таасирин күчөтүүнү максат кылып, бул сапар маанилүү маселелердин жана тышкы саясат потенциалындагы таасирлерин баса белгилөөдө.

Хакан Фидан сапары учурунда кытайлык кесиптеши менен бир нече маанилүү темага токтолуп кенен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Түркия менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин негизги аспектиси эки өлкөнүн прагматикалык тышкы саясий багыттары болду. Түркия ырааттуу түрдө бир Кытай принцибин карманып, Кытайдын аймактык бүтүндүгүнүн маанисин  баса белгиледи. Ошо сыяктуу эле, Кытай да Анкара менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерине прагматикалык көз караш менен мамиле кылды.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

  Түркиянын Кытай менен карым  - катнашы жалпысынан Түркиянын «Жаңыдан Азия» демилгеси деп аталган кенен бир стратегиялык көз караштын бир бөлүгү. Бул саясаттын өзгөрүшү бир нече негизги фактор менен шартталган. Биринчиден, бул Түркиянын глобалдык саясатта геостратегиялык позициясын өзгөртүү каалоосун чагылдырат. Глобалдык күч динамикасы Азияга карай жылган сайын, Түркия бул жаңы түзүлгөн географияда өзүн стратегиялык оюнчу катары көрсөтүүнү максат кылууда. Кытай менен болгон карым - катнаштарды чыңдоо бул кайра ориентациянын табигый уландысы жана Түркиянын стратегиялык географиялык абалынан пайда көрүшүнө шарт түзөт. Бул жаңы саясат багыты Түркиянын эл аралык саясатта автономияга умтулуусун да ишарат кылууда жана Батыш союздаштары менен карым - катнаштарында жаңы тенденцияны билдирет. Түркиянын Азиянын жогорулашын, тышкы саясатын жана геосаясий стратегиясын кайра иретке салууда маанилүү фактор катары кабыл алгандыгы анык.

Түркиянын Кытайга карата көз карашынын артындагы экинчи кыймылдаткыч фактор, соода мамлекетке таянган тышкы саясат мамилесинин негизин түзгөн экономиканы диверсификациялоо саясаты. Экономикалык туруксуздук жана туруктуу өсүү зарылдыгына туш болгон Түркия экономикалык өнөктөштүктөрүн диверсификациялоого аракет кылууда. Дүйнөнүн эң ири экономикаларынын бири болгон Кытай менен карым  - катнаштарды түзүү соода, инвестиция жана технологиялык кызматташуу үчүн маанилүү  мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө.

Үчүнчү фактор болсо, Түркиянын аймактагы таасирин күчөтүү максаты. Түркиянын Кытай менен активдүү кызматташуусу Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы таасирин арттыруу үчүн жасалган стратегиялык кадам. Түркия Кытайдын «Бир алкак бир жол демилгеси» менен шайкеш келип аймактык байланыш жана экономикалык өнүгүүдө маанилүү роль ойной алат жана ушундайча геосаясий  аброюн бекемдей алат. Буга кошумча катары акыркы мезгилде Түркиянын тышкы саясатынын негизгилеринин бири болгон дипломатиялык тең салмактуулук кыймылы Кытай жана Азия  -  Тынч океан аймагына карата көз карашын калыптандырууда. Барган сайын көп уюлдуу абалга келген дүйнөдө Түркиянын тышкы саясаты салттуу  батыш союздаштыктарын  Азиядагы жаңы өнөктөштүктөр менен тең салмактоого аракет кылууда. Бул мамиле Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын жана аймактык стратегияларын ишке ашыруу менен бирге татаал эл аралык мамилелерди башкарууга мүмкүндүк берет.

    Фидандын үч күндүк сапары учурунда бир нече ачкыч стратегиялык тема күн тартибине келди.  Булардын башында да эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу соода жана экономикалык кызматташуунун күчөтүлүшү турат. Эки тарап тең экономикалык карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүнүн маанисин баса белгилеп, сүйлөшүүлөр  соода көлөмүнүн жогорулатылышы, соода тоскоолдуктарынын  азайтылышы жана өзгөчө структура менен технология тармагында орток инвестиция  мүмкүнчүлүктөрүнүн изилдениши темаларына көңүлдөрдү бурду. Бирок акыркы жылдарда орток инвестиция долбоорлорунда акырындоонун болгондугу айтылууда. Түркиянын негизги максаты бул акырындоону карап чыгуу, акырындаган долбоорлорду ылдамдатуу жана кечеңдөөлөргө себеп болгон тоскоолдуктарды аныктоо. Анкара өзгөчө Кытайды дагы көп түрк продукцияларын импорттоого жана Түркиядагы Кытай инвестицияларын арттырууга үндөө менен азыркы учурда Кытайдын пайдасына болгон соода тең салмаксыздыгын азайтууга көңүл бурууда. Сапар учурунда  каралган башка бир маанилүү тема да аймактык коопсуздук маселелери болду. Учурдагы глобалдык чыңалуулар жана аймактык кагылышууларга көңүл бурулганда коопсуздук кызматташуу эки өлкө үчүн да турмуштук мааниге ээ болуп жаткан. Жолугушууда террор менен күрөшүү, аймактык коопсуздук коркутууларынын каралышы жана аскердик кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө карата стратегиялар талкууланды. Өзгөчө Израилдин Газадагы согушу жана Россия  -  Украина кагылышуусу жолугушуунун маселелери болду. Түркия жана Кытай Палестина маселеси үчүн эки мамлекеттүү бир чечүүчү жолду колдоп, Түркиянын Израилге карата мамилеси Кытайга салыштырмалуу дагы радикалдуу.

«Бир алкак бир жол демилгеси» эки өлкө үчүн стратегиялык пайда алып келет. Кытай «Бир алкак бир жол демилгесин» АКШ менен конкуренциясында  глобалдык гео -  экономикалык рычагын күчөтүүнүн бир каратажы катары караса, Түркия долбоорго  экономикалык киреше үчүн бир мүмкүнчүлүк жана глобалдык конкуренцияда гео – саясий абалын кайрадан иретке салуунун бир жолу катары карап жатат. Түркиянын Европа жана Азиянын ортосунда бир көпүрө катары ээ болгон стратегиялык абал, аны Кытайдын «Бир алкак бир жол» долбоорунда негизги актер кылууда. Фидан жана кытайлык жетекчилер өзгөчө экономикалык өнүгүүнү арттырууну максат кылган «Бир алкак бир жол» демилгесине Түркияны дагы көп интеграциялоонун жолдору боюнча сүйлөшүштү.

   Сапардын маанилүү темаларынын бири Түркиянын глобалдык саясатта ролу барган сайын күчөгөн БРИКСке мүчө болуу эле.  Эл аралык система көп уюлдуу дүйнөгө өтүп жаткандыктан, БРИКС Батыш өнөктөштүктөрүнөн тышкары тең салмактуу мамилелерди издеген өлкөлөр үчүн альтернативалуу дүйнө көз карашын сунуштайт. Түркиянын БРИКСке болгон кызыгуусу салттуу тышкы саясатында олуттуу өзгөрүүнү символдоштурууда.  Сапар учурунда Фидан БРИКСтын Түркияга экономикалык күтүүлөрүн жогорулатуу үчүн Европа Биримдигине «жакшы альтернатива» сунуш кыла аларын белгиледи. Фидан Түркиянын Европа Биримдиги менен бажы биримдигинде калууну улантып, БРИКС сыяктуу платформаларда түрдүү өнөктөштөр менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатканын белгиледи. БРИКСке мүчөлүк потенциал катары түрк тышкы саясатына  жаңы өңүттөрдү жана талкууларды алып келет.

Түркия Кытай менен карым  - катнаштарында прагматикалык мамилени көрсөтсө да уйгур маселеси тууралуу пикир келишпестиктер да бар. Фидан сапарында кытайлык жетекчилерди азчылык болгон мусулман уйгурлардын маданий укуктарын коргоого жана «өз баалуулуктары менен жашоого» уруксат берүүгө чакырды.

Түркия Шинжаң провинциясындагы кырдаалды чечүүдө ички саясий динамикаларды да, Кытайга карата тең салмактуу мамилени сактоо зарылдыгын да эске алуу менен абдан кылдат тилди колдонууда. Бул эскертүү Фидандын Кытайдын батышындагы Шинжаң -Уйгур автономиялуу аймагындагы Үрүмчү жана Кашкарга жасаган сапары тууралуу Х социалдык медиа аккаунтунда эмне үчүн эмоционалдуу твит бөлүшкөнүн да түшүндүрүшү мүмкүн. Жыйынтык катары Фидандын Кытай сапарынын маанилүү геосаясий жана тышкы саясат жыйынтыктары бар. Түркиянын Кытай менен болгон карым  - катнашы глобалдык саясаттагы стратегиялык тең салмактуулук оюнун чагылдырууда.

   НАТОнун мүчөсү жана Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкө катары Түркиянын Кытай менен болгон тыгыз байланышы анын тышкы саясаттагы көп кырдуу мамилесин көрсөтөт. Кытай менен экономикалык карым-катнаштарды чыңдоо Түркиянын соода өнөктөштөрүн диверсификациялоо, салттуу батыш базарларына болгон көз карандылыкты азайтуу жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу үчүн жасалган стратегиялык кадам. Өзгөчө Түркия Кытай менен байланышын чыңдап Орто Азия жана Жакынкы Чыгыштагы күчүн  арттыруу потенциалына ээ. Бир муун бир жол демилгесинин алкагындагы кызматташуу ТҮркиянын аймактык бир күч борбору катары ролун бекемдей алат.



Тектеш кабарлар