Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жалпы 84642 вакцина сатып алынды

832667
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы 84642 вакцина сатып алынды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге көп.

Вакцинация медицина кызматкерлери, оорусу өтүшүп кеткендер, балдар үйүндөгү, мектеп интернаттары тез ооруган балдарга жана кош бойлуу аялдарга бекер жасалат. 

Учурда аймактарга таратылып, эмдөө жүрүп жатат. Министрлик октябрь айынын аягында дагы 105 доза вакцина алып келет. Менчик ооруканаларда каалоочуларга сасык тумоого каршы акылуу вакцинация жүргүзүлөт жана анын баасы 450-650 сом. 

Маалыматтар боюнча, сасык тумоо октябрь айынан декабрга чейин күчөйт. Азыркы тапта республика аймагы боюнча абал туруктуу, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

КТРК



Тектеш кабарлар