Кыргызстанга 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди

Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар

826061
Кыргызстанга 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди

Кыргызстанга билим алуу үчүн Ооганстандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдары ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосунда келди. 

Бул жумуштар Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча келишимдин негизинде ишке ашууда. 2-октябрда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды жеткирүү жана балдарды билим алууга ата-энелеринин туугандарынын коштоосунда алып келүү боюнча вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова башында турган өкмөттүк эспедиция барган. 

Алар мекендештерге дары-дармек, азык-түлүк, кийим-кече жана төшөк жеткирип кайтты. Өкмөттүк экспедиция Кичи жана Чоң Памирден 33 жаранды алып келди. Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Эми өкмөт тарабынан балдарды окутуу боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми алардын ата-энелери үчүн ар кандай курстар уюштурулат.

КТРК



Тектеш кабарлар