Израилдин Ливанга карата кол салуусунун мааниси
Апталык анализ - 38.2024
Израиль Ливанды дүрбөлөңгө салган чоң террордук кол салууну ишке ашырды. Күтүлбөгөн жерден Бейрут баш болгон Ливандын бардык жерлеринде миңдеген пейджерлер бомба сыяктуу жарылды. ЖалпысынанХизбуллах колдонгон бул байланыш системаларына карата бул кол салуудан кийин ушул кезге чейин кеминде 12 киши каза болуп, 2800дөн ашуун киши жаракат алды. Израиль чалгындоосу пейджер аппараттарынын ичине жарылуучу жайгаштыргандыгы жана триггер сигналын жиберип, аппараттарды бир убакта жардырганы белгилүү болду.
СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.
7 - октябрда Газада башталган кагылышуулардан бери Израиль менен Хизбуллахтын ортосунда көзөмөлдөнгөн аскердик иш - аракеттер сөз болуп жаткан. Кээ кээде тараптар кызыл сызыктарды ашкан кыймылдарды жасоодон алыс турду. Бирок Израилдин Хизбуллахтын негизги экинчи кишиси Фуат Шүкрүгө жасаган кол салуусунан кийин тең салмактуулук өзгөрө баштады. Өзгөчө Хизбуллахтын кол салууга чындап жооп кайтарбашы Израилди кайраттандырды. Акырында Ливанды дүрбөлөңгө салган чоң бир кыймыл кылышын да кошо ала келди.
17 - сентябрь шейшемби күнү түшкү сааттарда Ливанда күтүлбөгөн жерден миңдеген жарылуу болду. Жарылууда 12 киши каза болуп, кеминде 2800 киши жараланды. Чоң бир дүрбөлөң жана хаоско себеп болгон террордук кол салуунун артындагы бүдөмүктүк ылдам түрдө чечилип, жооптуунун Израиль экендиги ортого чыкты. 8200 деп билдирилген жана Израилдин бардык чалгындоо уюмдашууларын ичине камтыган чатыр түзүмү болгон чоң бир операция сөз болууда. Израиль чалгындоосу узун убакыт мурда Хизбуллахтын мобилдик телефондоруна альтернатив түрдө колдонгон пейджерлерди камсыз кылууну каалагандыгын билип Венгриядан алууга аракет кылган патенти Тайван болгон Gold Apolla AR-924 бренд аскердик пейджерлердин ичине 20 граммга жакын PETN жарылуучу зат жайраштырып жатышат. Андан кийин рация сигналын колдонуу менен электрондук триггер менен жардырышууда. Пейджерлерге Хизбуллах командирлигинен билдирүү жиберилгендей сыяктуу көрсөтүп, баары аппаратты колуна алып жүзүнө жакындаткан учурда жарыла тургандай пландоолору ушундайча колдонгондордун жүзүнөн жаракат аларын, көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготуусуна себеп боло тургандай чоң зыян алуулары максат кылынган.
Негизинен Израиль Ливанды басып алууну каалаган учурда Хизбуллах коргонуусун алсыратуу үчүн бул аппараттарды жардырууну пландаган бирок ыктымалдуу коддордон улам бул аракетти эртелеткен болушу керек.
Натыйжада Израиль чалгындоосу абдан чоң операция жүргүзүп Хизбуллахка абдан чоң зыян алып келди. Миңдеген Хизбуллах мүчөсү жараланган бул кол салуудагы жоготуулар менен бирге жашыруун Хизбуллах элементтери да белгилүү болду. Кол салууда өзгөчө Ирандын Ливан элчиси да жүзүнөн жаракат алды. Израиль эми Хизбуллах менен улантып жаткан аскердик аракетеринин көзөмөлүн толугу менен колго алып жана үстөмдүккө ээ болду. Топ эми Иран жана Хизбуллах тарабында. Риториканы бир тарапка таштап чындап жооп кайтарбаса Израилдин бутасы болууну улантат. Израиль ылайыктуу шарттар болгондо Литани дарыясына чейин Хизбуллахты тазалай турган кургактык операциясын баштайт.