Түркия  -  Египет карым  - катнаштары

Апталык анализ - 37.2024

2187267
Түркия  -  Египет карым  - катнаштары

     Түркия менен Египеттин ортосунда  2024 -  жылдын  4 -  сентябрында Анкарада болгон Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык жыйыны эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарда олуттуу өзгөрүү жана кайрадан калыбына келтирүү процессин белгиледи. Жыйындын натыйжасында 16 келишимге кол коюлду жана  36 беренелик биргелешкен билдирүү жарыяланды. Бул келишимдер менен билдирүү он жылга жакын созулган келишпестик жана чыңалуу мезгилинен кийин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын кайрадан калыбына келүү этабына өткөндүгүн баса белгилөөдө. Өзгөчө 2013 -  жылы Египеттин президенти Мухаммед Мурси кызматтан алынгандан кийин чыккан чыңалуунун акырына чыгышы аймактык туруктуулук жактан маанилүү бир абал катары каралууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

Чыңалуу мезгили Анкара жана Каирдин түрдүү эл аралык маселелерде бири бирине каршы атаандаштык ичинде болушуна жол ачты. Ливия бул атаандаштыктын эң  негизги үлгүлөрүнү бири болду. Каир Ливиядагы абалды тең салмактоого аракет кылып, Түркиянын бул өлкөдөгү таасирин чектөөгө карата бир стратегияны жактырды. Бир тараптан Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергетика булактары боюнча атаандаштык эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын дагы да чыңалышына себеп болду. Бул мезгилде Түркия Египеттин карама - каршы мамилесине Ливияда жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  ишенимдүү тышкы саясат жүргүзүү менен жооп берди. Эки өлкө Жакынкы Чыгыштын баш  - аламан жана түрдүү динамикаларында идеологиялык жана геополитикалык бир күрөштүн ичине кирди.

Бул процессте  экономикалык карым - катнаштар эки өлкөнүн ортосундагы байланышты сактап турган көпүрө кызматын аткарды.  Экономикалык кызматташтык жана дипломатиялык, чалгындоо деңгээлиндеги диалог мамилелердин толугу менен үзүлүшүнө жол бербеди.

2022 -  жылы Катардын борбор шаары Дохада өткөн Дүйнөлүк кубокто президент Режеп Таййип Эрдоган менен Египеттин президенти Абдүлфеттах ел  -  Сисинин жолугушуусу эки өлкөнүн ортосундагы психологиялык босогодон өтүүгө жардам берди. Бул жолугушуу эки өлкөнүн элчилерин да кайрадан дайындоо чечимин чыгарышына, карым  - катнаштардын калыбына келтиришине негиз даярдады. Эрдогандын 2024 -  жылы февраль айында Египетке жасаган сапары болсо Түркия  -  Египет карым  - катнаштарында маанилүү бурулуш жери катары кабыл алынды.

Өзгөргөн динамикалар 

Жаңы мезгилде Түркия - Египет карым - катнаштары стратегиялык жактан кайрадан калыптанды. 2013 - жылга салыштырмалуу Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка (MENA) аймагынын стратегиялык чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Араб жазынан кийин пайда болгон конфликттик атмосферанын  өзгөргөнүнө карабастан, эки өлкөнүн аймактык позициясында олуттуу айырмачылыктар ортого чыкты. Ливиядагы абал Түркия жана Египеттин ортосундагы карым  - катнаштарда азыр да орчундуу бир тема катары ортого чыгууда.

Египет Ливиянын чыгышында күчтүү аскердик жана дипломатиялык өкүлчүлүккө ээ болгон болсо, Түркия Ливиянын батышында маанилүү аскердик жана саясий актер катары орун алууда. Бул эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жана саясий атаандаштыктын Ливиядагы келишпестиктин чечилишин  кыйындашы мүмкүн экендигин көрсөтүүдө. Анкара менен Каир Ливияда  саясий туруктуулукту түзүү жана жеринин бүтүндүгүн сактап калуу максатында биргелешке мамилени жактырууда.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги аймактык чөйрө да маанилүү өлчөмдө өзгөрдү. Түркия аскердик, экономикалык жана саясий күч жактан дагы да күчтүү актер катары ортого чыкты. Египет болсо энергетика геосаясатында орчундуу роль ойноп жатат. Эки өлкө тең Жер Ортолук деңизиндеги деңиз юрисдикциялары жагынан маанилүү актер. Израилди эске албаганда, Түркия - Египет карым - катнаштары 2020 - жылдары башталган аймактык нормалдашуу менен калыптанган жаңы алкакта кайра түзүлүшү керек.

Түркиянын Бириккен Араб Эмираттары  жана Сауд Арабия менен мамилелерин калыбына келтириши, Анкара – Каир мамилелерин калыбына келтирүүнү колдоду. Мындан тышкары, Катардын Перс булуңундагы калыбына келүү процесси жана кагылышуу мезгилинин аякташы эки өлкөнүн карым - катнаштарынын кайра түзүлүшүнө салым кошту.

2023 -  жылы  7 -  октябрда Израилдин аймактагы туруксуздаштыруучу ролу Түркия жана Египеттин араб геосаясий аймагындагы аскердик жана дипломатиялык маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Газадагы кагылышуу эки өлкө үчүн да чек ара коопсуздугу жана гуманитардык кризистен башка бир улуттук коопсуздук маселесине айланды. Түркия менен Египеттин Израилди ок атышууну токтотууга мажбурлоо боюнча дипломатиялык аракеттери эки өлкөнү орток максаттарга ылайыкташтырган болушу мүмкүн. Газадагы согуштун бүтүшү, туруктуу ок атышпоонун жарыяланышы, аймакка гуманитардык жардамдын жеткирилиши, аймактын кайра курулушу жана 1967 - жылдагы чек араларга негизделген эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү керек деген көз караш, эки өлкөнүн ортосундагы согушту токтотууга мүмкүндүк берет.

Стратегиялык алкак

Түркия-Египет карым-катнаштары жаңы аймактык динамикадан улам стратегиялык мүнөзгө ээ болду. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери экономика, соода, коопсуздук, коргонуу, экологиялык жана климаттык демилгелер сыяктуу кеңири чөйрөлөрдө өнүгүүдө. Экономикалык максаттардын арасында  15 миллиард долларлык соода көлөмү орун алууда, бул да эки өлкөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатат.

Кызматташуунун зарылчылыгы 

Түркиянын Африка мүйүзүндөгү ролу да карым-катнаштар жагынан маанилүү бир стратегиялык өзгөрмө. Түркия Түндүк Африка, Чыгыш Африка жана Сахел аймагындагы стратегиялык багытын тереңдетти. Египет өзүнүн стратегиялык артыкчылыктарын, өзгөчө Түндүк Африка менен Африка мүйүзүндө кайрадан аныкташы керек. Судандагы жарандык согуш, Египет менен Эфиопиянын ортосундагы келишпестиктер жана саясий кагылышуу коркунучу, Түркия  -  Египет карым  - катнаштарын стратегиялык жактан таасирлентүүдө. Ушул себептен Анкара жана Каир Африка мүйүзүндөгү маселелерди чечүү үчүн биргеликте кыймыл кылышы керек.

Жыйынтык катары  Түркия-Египет карым-катнаштарынын жаңы стратегиялык алкагы эки өлкөнүн тең этияттык менен аракет кылуусун жана карым-катнаштарын аймактык кризистерден коргоо механизмдерин иштеп чыгууну талап кылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы бул жаңы доор аймактык жана эл аралык деңгээлдеги стратегиялык кызматташтыкты бекемдеп, аймактык стабилдүүлүктү камсыз кылууга олуттуу салым кошот. Бул контекстте Түркия менен Египеттин ортосундагы кызматташтык эки тараптуу карым – катнаштардын гана эмес, аймактык жана глобалдык ырааттуулуктун камсыздалышында да маанилүү ролду ойноону улантат.



Тектеш кабарлар