Түркияда Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди

Иш-чаранын ачылышында элчи Руслан Казакбаев сөз сүйлөп, Кара Кыргыз Автономиялуу Облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгы менен жарандарды куттуктап, бул кош майрамдын маани маңызына токтолду.

2187422
Түркияда Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди
Kırgızistan Bağımsızlık Günü 1.jpg
Kırgızistan Bağımsızlık Günü 12.jpg
Kırgızistan Bağımsızlık Günü 5.jpg
Kırgızistan Bağımsızlık Günü 3.jpg
Kırgızistan Bağımsızlık Günü 8.jpg

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түрк маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙ менен биргелешип, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгына карата Түркиядагы кыргыз жарандарын жана түрк туугандарын Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинин салымы менен Гөлбашыдагы «Ататүрк» жээк паркында чогултуп, майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын ачылышында элчи Руслан Казакбаев сөз сүйлөп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгы менен жарандарды куттуктап, бул кош майрамдын маани маңызына токтолду.

Урматтуу ТЮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Акимович, Гөлбашы муниципалитетинин мэри Якуп Одабашы, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Эсенгуловна, Кыргыз Республикасынын Түркиянын Болу шаарындагы Ардактуу консулу Атиллахан Курт,

Ардактуу коноктор,

Кымбаттуу мекендештер,

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Урматтуу мекендештер, эже-карындаштар, ага-инилер, жана кымбаттуу достор!

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы менен жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүнкү иш чараны өзүбүздүн гана мекенибизде жерибизде эле эмес, боордош Түркияда өзгөчө борбору Анкара шаарынын эн кооз жаратылыш көрүнүшүнө ээ болгон Гөлбашы муниципалитетинде өтүп жатканы өтө кубандырат. Ушул иш чараны уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо менен көмөк көрсөткөн Гөлбашы муниципалитетине, башчысы урматтуу Якуп Одабашы мырзaга, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Ардактуу консулу Атиллахан Курт мырзага, Гөлбашы муниципалитетинин Маданият боюнча бөлүм башчысы Расим Янык мырзага, Анкара шаарында турган мекендештериме, баардык катышуучуларга чын журөктөн ыраазычылыгымды билдирем.

Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери көп кыйынчылыктарды өткөрдү, бирок, ага карабастан, кыргыз элибиз сабырдуу, тарыхтагы чыдамкай акылман калк экенин дагы бир ирет даңазалап, көптөгөн жетишкендиктерге жетишип өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатат.

Көз карандысыздыгыбыз – эң ыйык дөөлөтүбүз жана эң бийик сыймыгыбыз. Көп улуттуу Мамлекетибиздин эркиндигин, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Түркия Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи чет өлкө болгон. 1992-жылы апрелде Бишкекте Түркиянын Элчилиги, 1992-жылы октябрда Анкарада Кыргызстандын Элчилиги ачылган. 33 жыл бою Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы бардык жагынан ийгиликтүү өнүгүүдө. Мамилелердин өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп берген эң негизги фактор – эки өлкө элдеринин тарыхый тыгыз байланышы. Биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз бир. Тили, дили, каада-салты окшош элдербиз.

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу достор,

2024-жыл кыргыз эли үчүн өзгөчө жыл. Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы менен катар, быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу анык далилденди. Ошондон бери кыргыздар өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кайсы мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келди. Мамлекеттик түзүлүш дайыма кыргыз элинин коргоочусу катары болгон. Мамлекеттүүлүктүн калыптанышында жана иштешинде мамлекеттин өзөгү болгон саясий элита маанилүү ролду ойногон. Тарыхтын ар бир этабында мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон элдин лидерлери чыккан.

2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө көрүнүктүү инсандардын сиңирген эмгегин жана ролун таануу максатында, биздин урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич 2024-жылы «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ардактуу коноктор, кымбаттуу мекендештер,

Адамзаттын тарыхында мамлекеттин түптөөчүлөрүн "аталар" деп атоо салты бар жана бул салт байыркы мезгилден бери келе жатат. Алардын арасында жол башчылар, жетекчилер, көрүнүктүү башкаруучулар, саясатчылар, аскер адамдары, өз элинин патриоттору, ошондой эле тарыхый окуялардын катышуучулары - мамлекеттин калыптанышына чогуу салым кошкон карапайым адамдар болгон.

Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында саясий элитанын өкүлдөрү - улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге "азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген наам ыйгарылды. Алардын ата мекен алдында өтөгөн эмгегин билүү бул ар бирибиздин парзы деп эсептейм. Анткени, ушул адамдар кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, XX кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт.

Эгемендүүлүгүбүз үчүн кылымдар бою күрөшүп, өмүрүн берип, ал үчүн кан-жанын аябаган аталарыбыздын урматын дайыма эстеп туруу, баркына жетүү биздин мойнубузда. “Өткөн жолун унуткан эл, келечекке жол таппайт” деп айтылат. Кыргыздын кыргыз болуп сакталып калуусуна, андан ары жашоосун улантуусуна эбегейсиз салымын кошкон тарыхый инсандарды билүү азыркы биздин жана келечектеки муундардын милдети.

Улуу Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров элдин турмушун жакшыртууга жана мамлекетти өнүктүрүүгө чоң күч аракеттерин жумшоодо. Бирок "Жалгыз дарак бак болбойт" дегендей, биргелешкен аракет гана жемишин берерин белгилеп кетмекчимин. Ошондуктан ар бирибиз мамлекеттин тагдырын “менин тагдырым” деп эсептеп, ар бирибиз Кыргызстан үчүн, Ата Мекенибиз үчүн, жаркын келечек үчүн ак эмгек менен мээнеттенип иштешибиз керек.

 

Урматтуу мекендештер,

Өткөн жылы боордош түрк эли Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгилеген. Туркиянын тарыхында эгемендүү мамлекет, жаркын келечек үчүн кадам ташталган күндөрдүн бири сиздерге белгилүү болгондой 29-октябрь (Cumhuriyet Bayramı). Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк жетекчилиги астында түрк эли Боштондук согушу учурунда өз мекенин, өзүнүн желегин чечкиндүүлүк жана тайманбастык менен коргоп жеңишке жетишкен. Ошол кездеги мамлекеттин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкө чыккандардын көбү жаштар эле.

Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң.

Өткөн жылы Түркия жер титирөөлөрдүн кесепетинен оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өттү. 

Боордош Түркия үчүн ушундай оор мезгилде, мекендештерибиз биригип, кырсыктын кесепеттерин жоюуга ар тараптан жардам керсөтүп, тилектештигин билдиришти. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жардам көрсөткөн мекендештерибизге, өзгөчө Кахраманмарашта боз үй тигүү үчүн Стамбул, Сакарья, Конья, Анталья, Анкара жана башка Түркиянын шаарларынан келген жарандарыбыз жана студенттерибизге дагы бир жолу терең ыраазычылыгымды билдирем. Мындай тилектештик жөн гана жүрөк жылытпастан, сыймыктандырат. Ушундай кадамдар менен Кыргызстаныбыздын позитивдүү имиджин жаратуудабыз.

Ушуга байланыштуу бүгүнкү күнү Кыргыз  Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан алкыш баракчаларын тапшырууну пландап жатабыз.

Кымбаттуу мекендештер,

Дүйнөдѳ китептери эӊ көп  окулган жазуучулардын бири болуп саналган улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов айткандай «Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле». Ар кандай себептердин айынан жакындарыңыздардан, үй-бүлөңүздөрдөн алыста эмгектенип жүрөсүздөр.  Мекенге болгон сагыныч, кусалыкка карабай, ата-эне, үй-бүлө багуу максатында чет өлкөдө иштеп жатасыздар.

Улуттук банктын отчетунда камтылган маалыматка ылайык, 2023-жылы кыргызстандык мигранттардан мекенине эл аралык акча которуулардын агымы 2,7 млрд АКШ долларын түзгөн жана бул өлкөнүн Ички дүң продукциясынын (ВВП) 20,5% түзгөн. Сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармактары катары мамлекетибиздин өнөгүүсүнө түрткү берип жатат. Ар бир чет өлкөдө иштеп жаткан мекендешибиздин акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы жана башка тармактардын өнүгүшүнө импульс болууда. Башкача айтканда, сиздер урматтуу эже-карындаштар, ага-инилер Кыргыз мамлекетинин ишенимдүү инвесторлорусуздар.

Урматтуу студенттер, аскердик жана укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларынын курсанттары, сиздерге өзгөчө кайрылып кетер элем жана азыркы Түркия Республикасынын негиздөөчүсу М.К.Ататүрктүн төмөнкү сөздөрүөо көңүл бурмакчымын “Ата-мекенин чыныгы сүйгөн бул өз ишин так аткарган адам” (Vatanını en çok seven görevini en iyi yapandır) жана “Өз өлкөңө болгон сүйүү, ага көрсөткөн кызматың менен өлчөнөт”  (Yurt sevgisi onгт için yaptığın hizmetle ölçülür). Ошондуктан студенттик куракты туура, пайдалуу өткөрүү өтө маанилүү, бири-бириңерге көз салып, жардам берип, жакшы окугула. Анткени бүгүн мамлекет илимдүү, таланттуу, демилгечил жаштар катары силерге ишеним артат! Силер Кыргызстандын үмүтүсүңөр. Өлкөбүздүн келечектеги бакубат турмушу силердин күч-аракетиңерге көз каранды. Кыргызстандын келечеги билимдүү жана тарбиялуу жаштар менен түптөлөт!

Сөзүмдү улантып, бүгүнкү иш-чараны эң башкы максаттарынын бири бул - Түркиядагы кыргыздардын башын бириктирүү, биримдигин жана ынтымагын бекемдеп чындоо, мекендештерибиздин арасында жакшы маанай түзүү экендигин баса белгилеп кетет элем. Кыргыз эли үчүн багытталган  ак-ниет аракеттерди  биз ар дайым жогору баалайбыз жана колдойбуз.  

Бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары,

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 жаңы өндүрүштүк жана социалдык объекттер ачылды. Аталган сандар жана экономикалык көрсөткүчтөр Кыргызстан алдыга көздөй туруктуу өнүгүү жана саясий, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдө сапаттуу прогресске ишенимдүү кадам таштап жатканын көрсөтүп турат”, - деп мамлекет башчыбыз урматтуу С.Н. Жапаров        Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында баса белгилеп кетти.

 

Урматтуу мекендештер, бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары, сиздерге төмөнкү суроо менен кайрылып кетээр элем.

Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири, биздин мамлекетибиздин эркиндигинин өзөгүн түзгөн, өлкөбүзгө атын берген баа жеткис улуу мурасыбыз бул эмне?  

Туура бул биздин «кыргыз тилибиз». Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири анын тили. Мамлекеттик тил ар бир улуттун, мамлекеттин иденттүүлүгүн аныктоочу фактору экендиги талашсыз. Өз эне тилинде сүйлөй алган, улуттук адабияты бар эл гана улуттук мамлекет түзө аларын Тыныстанов баштаган агартуучулар мууну эң жакшы билген.

Мен үчүн «Кыргызстанымды сүйөм» деген сөздөр, бул биринчиден, кыргыз тилин билем же болбосо, кыргыз тилин үйрөнүүгө ниетим бар деген түшүнүктү билдирет. Кыргыздарда “Эне тили болбой, эл болбойт” деген макал бар.

Кыргыз тилинин тагдыры кыргыз элинин тагдыры менен тамырлаш. Мамлекеттик тилибиз - кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналат. Биздин залкар улуу инсандарыбыздын, акындарыбыздын кыргыз тилине арналган ыр саптары аз эмес.

 Байдылда Сарногоев : «Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт, Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп жарытпайт».

Алыкул Осмонов: «Бирге жүрөм, эне тилим кадырлайм, бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм. Башка тилди кандай жакшы көрсөм да, Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм»

«Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт» "Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бул турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм", - деп бекеринен айтпаган чыгаан, уулу жазуучубуз Ч.Айтматов.

Ушундан улам урматтуу мекендештер, 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнү менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктап кетээр элем.

 

Урматтуу мекендештер, 

Учурдан пайдаланып Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр тилеймин.

Эгемендүүлүк күнүбүздүн 33-жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы биздин, мамлекетибиздин жаңы бийиктиктерге жана жетишкендиктерге дагы бир кадам болсун. Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун жана Жаратканыбыз, элибизге биримдик, жерибизге береке берсин!

Ошондой эле жыйынтыктоочу сөзүм катары ушул сөздөрдү айтмакчымын «Тарых өз каармандарын эсинен чыгарбайт. Алардын калтырган мурастары - түбөлүк жашайт!

 

Андан соң ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев мырза сөз сүйлөп, быйыл кыргыз эли эки ыйык майрам; Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүн 100 жылдыгын жана Кыргызстандын Эгемендигинин 33 жылдыгын белилеп жатканыбызды баса белгиледи. Кыргызстан көз карандысыздык алганда биринчилерден болуп колун сунуп келген Түркия мамлекети болгонун белгилеген Раев ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүткүл дүйнөгө жылдыздай болуп чачырап кеткен кыргыздардан Памир кыргыздарын Түркияда тосуп алып, канатына калкалап, аларга жер берип, журт берип жайгаштырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми сөз кезеги келген Гөлбашы муниципалитетинин башчысы Якуп Одабашы Анкаранын түштүк капкасы орун алган муниципалитетте бул иш-чаранын биринчисин өткөрүп жатканын жана бул иш-чараны туруктуу кылып жыл сайын ушул мезгилде өткөрүүнү каалаганын айтты.

Одабашы Кыргызстанга эки жолу барганын айтып, эки жыл мурда барганында Ысык-Көлдү, Теңир тоону көргөндө Эргенекон дастанын эстегенин жана кытайларды Бейжинге чейин сүрүп барган Күршат баатырды эстегенин айтып, сезими абдан козголгонун белгилеп өтү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын администрациясы жана Элчилик тарабынан айрым жарандарга сыйлыктар тапшырылды. Отурган элге даам сыздырылып, жылуу маанай тартууланды.

Андан соң иш-чара концерттик программа жана оюн-зооктор менен уланды.

 

 



Тектеш кабарлар