Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Кичи жана Чоң Памирге 9 оор жүк ташуучу унаа, 1 күйүүчү май ташуучу унаа жана 1 тез жардам кызматынын унаасы бет алды

818696
Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Афганистандын Памир аймагында жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жүктү жеткирүү боюнча Өкмөттүн буйругуна 7-сентябрда кол коюлган. Кичи жана Чоң Памирге 9 оор жүк ташуучу унаа, 1 күйүүчү май ташуучу унаа жана 1 тез жардам кызматынын унаасы бет алды. 

ӨКМ кабарлагандай, автокербенге товардык-материалдык баалулуктар жүктөлүп, экспедиция мүчөлөрүнүн коштоосунда Ош шаарынан чыгып кетишти. Өткөн жылы күзүндө памирликтерге азык-түлүк, кийим-кече, жууп-тазалагыч каражаттар жана дары-дармектер жөнөтүлгөн болчу.

КТРК



Тектеш кабарлар