Президенттике талапкерлер мамлекеттик теле-радиодо үгүт жүргүзө баштайт

КТРК, ЭлТР, “Биринчи радио”, гезиттерден  "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо"  бардык талапкерге үгүт иштерин акысыз жүргүзүүгө бирдей шарттарды түзөт

809373
Президенттике талапкерлер мамлекеттик теле-радиодо үгүт жүргүзө баштайт

КР президенттик кызмат ордуна расмий катталган 13 талапкер 18- сентябрдан тарата мамлекеттик бюджеттен каржыланган теле-радио каналдарда жана басылмаларда акысыз үгүт жүргүзө баштайт. Талапкерлердин жеке кайрылууларынын жана дебаттардын убактысы, ким- кимге туш келээри чучукулактык негизде аныкталды. 

КТРК, ЭлТР, “Биринчи радио”, гезиттерден  "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо"  бардык талапкерге үгүт иштерин акысыз жүргүзүүгө бирдей шарттарды түзөт. Коомдук телерадио берүү корпорациясында жеке кайрылууларга 21- сентябрдан тарта орун берилип баштайт. Бул туурасында  “ Биринчи Радиого” БШК мүчөсү Назарали Арипов билдирди. Ал эми коомчулук көптөн күткөн теле дебаттар 3 топкө бөлүнүп өткөрүлмөй болду. Талапкерлердин саны 13 болгондугуна байланыштуу соңку дебатка 5 талапкер катышат. 

КТРК



Тектеш кабарлар