Кыргыз-өзбек кызматташтыгы

Эки өлкөнүн башчылары мындан аркы кызматташтыктын багыттары боюнча документтерге кол коюшту

801980
Кыргыз-өзбек кызматташтыгы

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары уланууда. Кечээ эки өлкөнүн башчылары мындан аркы кызматташтыктын багыттары боюнча документтерге кол коюшуп, анын негизгиси кыргыз өзбек чек арасын тактоо келишими болду. 

Мындан сырткары, эки тараптуу келишимдерге парламент жетекчилери, Тышкы иштер, Билим берүү жана илим министри, Соода өнөр-жай палатасынын жетекчилери жана башка тиешелүү жетекчилер кол коюшту. Кабыл алынган документтердин ичинде "Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө" өкмөт аралык документ, Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык меморандуму, салык мыйзамдарын сактоодо бири-бирине көмөк көрсөтүү, Соода өнөр-жай палатасындагы кызматташтык жөнүндө келишим, Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигинин, Ош шаары менен Ташкент шаарынын ортосундагы келишимдер бар. 

Мындан сырткары, жогорку билим берүү, илимий техникалык тармактар боюнча документтерге кол коюлду.

КТРК



Тектеш кабарлар